1955-жылдын 24-июнунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айылында туулган.
Жогорку билимдүү.
1978 жылы “СССРдын 50-жылдыгы” атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде тарых жана коом таану факультетин аяктаган.
1995 жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1979 жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп баштаган.
1995ж.-2000ж.чейин Бажы инфраструктурасынын Дирекциясында юрист болуп иштеген.
2000-2004 жылдары «Тилла Жол» ЖЧКнун уюштуруучусу жана директору.
2004-2008 жылдары «Ажы Акбар» ЖЧКнун директору болуп иштеген.
2010 жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болгон.
2013-2021 жылдары «Модерн Стиль» ЖЧКнун уюштуруучусу жана директору.
2021-жылы «Ынтымак» партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Үй бүлөлүү, беш баланын энеси.