Мажитова Шарапаткан

1955-жылдын 24-июнунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айылында  туулган.

Жогорку билимдүү.

1978 жылы  “СССРдын 50-жылдыгы” атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде тарых жана коом таану  факультетин аяктаган.

1995 жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин  “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1979 жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп баштаган.

1995ж.-2000ж.чейин Бажы инфраструктурасынын Дирекциясында юрист болуп иштеген.

2000-2004 жылдары  «Тилла Жол» ЖЧКнун уюштуруучусу жана директору.

2004-2008 жылдары «Ажы Акбар» ЖЧКнун директору болуп иштеген.

2010 жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин  V чакырылышына депутат болгон.

2013-2021 жылдары «Модерн Стиль» ЖЧКнун уюштуруучусу жана директору.

2021-жылы «Ынтымак» партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Үй бүлөлүү, беш баланын энеси.

Мажитова Шарапаткан
Мажитова Шарапаткан
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0