Молдобекова Гулкан Сакиновна

1964-жылдын 16-апрелинде Талас облусунун Талас районунда Кара-Ой айылында туулган;

Жогорку билимдүү. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Механико-математикалык факультетин бүтүргөн.

1986-жылы жогорку окуу жайларынын информатика борборунда инженер-программист болуп иштеген;

1988-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин Механико-математикалык факультетинин методика кафедрасында инженер болуп, кийин математика кафедрасында инженер-техник болуп эмгектенген;

1992-2001-жылдары И.Арабаев атындагы педагогикалык институтта физика жана информатика кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген;

2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү;

2015-жылдын 4-октябрында VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган;

2021-жылдын ноябрында «Альянс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Молдобекова Гулкан Сакиновна
Молдобекова Гулкан Сакиновна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0