Мураталиев Марат Молдонович

1967-жылы 23-июнунда Талас облусунун Кара-буура районунун Грозное айылында туулган. Үй бүлөлүү. 3 кыз 1 уулдун атасы.

1984 — жылы Талас облусунун Кара-буура районунун Грозное орто мектебин аяктаган.

1985-жылдан баштап 1987-жылга чейин Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

1987-1989-жж Фрунзе Кооперативдик Техникумунда окуп , аяктап «Заготовитель» кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

1989-1992-жылдары Чуй облусунун «ЗаготКонторасында» иштеген.

1992-жылдан 2007-жылга чейин Талас облусунун Кара-буура районунда жеке ишкерчилик менен алектенген.

2007-2015жж «Курулуш-Арсенал БМ» курулуш компаниясында директор.

2009-2012жж Талас облусунун Кара-буура райондук Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2012-жылдан баштап 2015-жылга чейин Талас шаардык Кеңешинин депутаты болгон.

2015-жылы Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер.

2016-2017жж Талас облустук Капиталдык Курулуш Башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу окулу болуп дайындалып , 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген.

Жогорку билимдуу, кесиби боюнча «Экономист-Менеджер».

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII чакырылышында  «Ишеним» саясий партиясынан депутат.

Мураталиев Марат Молдонович
Мураталиев Марат Молдонович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0