1958 жылы 20-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Кыркол айылында туулган.
1975 жылы III интернационал орто мектебин бүтүргөн.
1980 жылы Фрунзе шаарындагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин “математика мугалими” адистиги боюнча аяктаган.
1988-жылы Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектептин атайын курсун бүтүргөн.
1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин«юрист-укук таануучу» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1975-1976-жылдары Ноокат районундагы Россия колхозунун сүт-товар комплексинде «Таң шооласы» комсомолдук жаштар бригадасын жетектеп, оператор бригадир болуп баштаган.
1980-1981-жылдары – К. Жакыпов атындагы орто мектептин математика мугалими.
1981-1983-жылдары – комсомолдун Ноокат райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы.
1983-1988-жылдары – ЛКЖСтин Алай райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы.
1988-1989-жылдары – Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Алай райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн кадр иштери боюнча инструктору.
1989-1990-жылдары – Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин аткаруу комитетинин жоопту катчысы.
1990-1991-жылдары – Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары.
1991-1992-жылдары – Кыргызстан коммунисттик партиясынын Алай райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору. Алай райондук партия комитетинин III – катчысы. Алай районунун жер маселелери боюнча комитетинин инспектору.
1992-1994-жылдары – Алай районунун Гүлчө айылынын Парманас атындагы орто мектебинин директору.
1994-1995-жылдары – Алай райондук мамлекттик адмнистарция башчысынын социалдык экономикалык маселелер боюнча орун басары.
1995-2002- жылдары – “Мөл-Булак” ишканасынын жетекчиси.
2002-2010-жылдары жеке менчик тигүү ишкансынын жетекчиси. Эл депутаттарынын Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаттыгына бир жолу жана Алай райондук Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган.
2010-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V-чакырылышынын депутаты. 2010-жылдын ноябрына чейин Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин мүчөсү. 2014-жылдын мартына чеийн Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү.
2014-2015-жылдары – Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары.
2015-2021-жылдары – “Мээримбек кайрымдуулук фондунун президенти”.
2021-жылдын 28-ноябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII–чакырылышынын депутаты. 2022 – жылдын январь айынан бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мучөсу.
Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекттик кеңешчиси чини ыйгарылган. Үч уулу жана 12 небереси бар.