Нарматова Надира Азимовна

1958 жылы 20-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Кыркол айылында туулган.

1975 жылы III интернационал орто мектебин бүтүргөн.

1980 жылы Фрунзе шаарындагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин “математика мугалими” адистиги боюнча аяктаган.

1988-жылы Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектептин атайын курсун бүтүргөн.

1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин«юрист-укук таануучу» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1975-1976-жылдары Ноокат районундагы Россия колхозунун сүт-товар комплексинде «Таң шооласы» комсомолдук жаштар бригадасын жетектеп, оператор бригадир болуп баштаган.

1980-1981-жылдары – К. Жакыпов атындагы орто мектептин математика мугалими.

1981-1983-жылдары – комсомолдун Ноокат райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы.

1983-1988-жылдары – ЛКЖСтин Алай райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы.

1988-1989-жылдары  – Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Алай райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн кадр иштери боюнча инструктору.

1989-1990-жылдары – Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин аткаруу комитетинин жоопту катчысы.

1990-1991-жылдары – Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары.

1991-1992-жылдары – Кыргызстан коммунисттик партиясынын Алай райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору.  Алай райондук партия комитетинин III – катчысы. Алай районунун жер маселелери боюнча комитетинин инспектору.

1992-1994-жылдары – Алай районунун Гүлчө айылынын Парманас атындагы орто мектебинин директору.

1994-1995-жылдары – Алай райондук мамлекттик адмнистарция башчысынын социалдык экономикалык маселелер боюнча орун басары.

1995-2002- жылдары – “Мөл-Булак” ишканасынын жетекчиси.

2002-2010-жылдары жеке менчик тигүү ишкансынын жетекчиси. Эл депутаттарынын Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаттыгына бир жолу жана Алай райондук Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган.

2010-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V-чакырылышынын депутаты. 2010-жылдын ноябрына чейин Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин мүчөсү. 2014-жылдын мартына чеийн Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү.

2014-2015-жылдары – Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары.

2015-2021-жылдары – “Мээримбек кайрымдуулук фондунун президенти”.

2021-жылдын 28-ноябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII–чакырылышынын депутаты. 2022 – жылдын январь айынан бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мучөсу.

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекттик кеңешчиси чини ыйгарылган. Үч уулу жана 12 небереси бар.

Нарматова Надира Азимовна
Нарматова Надира Азимовна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0