Нурбаев Жалолидин Паязидинович

1970-жылдын 16-июлунда Ош облусунун Араван районундагы Пахта-Абад айылында кызматчылардын үй-бүлөсүндө туулган.

1987-жылы К.И.Скрябина атындагы айыл чарба институтуна «агрономия» адистиги боюнча окууга тапшырып, 1992-жылы окумуштуу агроном квалификациясы менен аяктаган.

Эмгек жолу:

1993-жылдан 1995-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

1995-жылдан 1999-жылга чейин «Чынар» дыйкан чарбасынын башчысы болуп иштеген.

1999-жылдан 2011-жылга чейин Араван райондук мамлекеттик администрациясы астындагы Маркетинг борборунун директору болуп иштеген.

2008-жылдан 2012-жылга чейин Араван райондук кеңешине депутат болуп шайланган.

2011-жылдан 2014-жылга чейин «Чынар» дыйкан чарбасынын башчысы болуп иштеген.

2014-жылдан 2021-жылга чейин Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

2021-жылы №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланды.

Үй-бүлөлүү, төрт уул жана бир кыздын атасы.

Нурбаев Жалолидин Паязидинович
Нурбаев Жалолидин Паязидинович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0