Осмонов Айбек Жапарович

1984-жылдын 16-февралында Ош облусунун Карасуу районундагы Төлөйкөн айылында туулган;

Жогорку билимдүү. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин “Информациялык системалар жана технологиялар” адистиги боюнча бүтүргөн;

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын бүтүрүп, “Менеджмент” багыты боюнча МАГИСТР академиялык даражасы ыйгарылган;

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган;

Эмгек жолу:

2009-2012-жылдары “Жаңы шаар Курулуш компаниясы” ЖЧКнын директору;

2014-жылдары “Арек курулуш” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси;

2014-2017-жылдары “Кыргыз Каганат” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси;

2018-2019-жылдары “Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директорунун кеңешчиси;

2019-2020-жылдары “Альфа Телеком” ЖАКнын кеңешчиси;

2021-жылы-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;

2021-жылдын ноябрында № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

“Кыргыз тили”, “Ыйык тил” төш белгилери менен сыйланган;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланган;

Кыргыз Республикасынын Грэпплинг ADCC Федерациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган;

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Ардактуу атуулу;

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Осмонов Айбек Жапарович
Осмонов Айбек Жапарович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0