1968-жылдын 5-декабрында Жалал-Абад шаарында төрөлгөн;
Билими жогору.
1988-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда дарылоочу врач кесиби боюнча билим алган;
1994-1995-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун №2 акушерлик жана гинекологиялык кафедрасында интернатураны аяктаган;
1996-2021-жылдар аралыгында Сокулук районундагы аймактык ооруканада, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана башка медициналык мекемелерде көп жылдар эмгектенген;
2012-жылы Сокулук аймактык ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Төрт баланын энеси.