1970- жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Нарын шаарында туулган.
Жогорку билимдуу.
1987 – 1993 – жылдары И. П. Павлов атындагы Санкт – Петербург медициналык институнун «Дарылоо иши» факультетинде окуган.
1993 – 1995 — жылдары И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын клиникалык ординатурасын өткөн.
1995 – 1996 – жылдары «Тери оорулары» кафедрасынын ассистенти.
1997 — жылы «Жылдыз — Фарм» компаниясын негиздеген.
2009 — жылы «Жылдыз — Фарм» ЖЧКсын «Фармамир» ЖЧКсына кайра уюштурган.
2003 -2021-жылдары «Эляй» ЖЧКсынын директору болуп эмгектенген.
2021-жылдын ноябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.
Уй-бүлөлүү, үч баланын энеси.