Саккараев Медербек Джаманкулович

1971-жылы 12-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн.

1978-1989-жылдары Токмок шаарындагы № 1 А.С. Пушкин атындагы мектебинде билим алган.

1989-1994 жылдары Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда окуп, агроном адистигине ээ болгом.

2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктап, юрист адистигин алган.

1994-1995-жылдары Кант нефтебаза ишканасында оператор кызматкери болуп эмгектенген.

1995-2005-жылдары жеке ишкер;

2005-жылдан 2021-жылдын декабрь айына чейин “ДиОА Шумкар” ЖЧКсынын башкы директору болгон.2021-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча VII чакырылыштын депутаты болуп шайланган.

2012-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилге Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген.

«TOMAT KG»  үрөнчүлүк чарбасынын негиздөөчүсү.

Үй-бүлөлүү. 7 баланын атасы.

Саккараев Медербек Джаманкулович
Саккараев Медербек Джаманкулович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0