Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич

1966-жылдын 13 мартында Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

Юридикалык Илимдеринин кандидаты.

Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

1983-1987-жылдары Сузак районунун Атайын Мамлекеттик чарбасынын кызматкери.

1987- жылы Кыргыз Улуттук Университетине тапшырып, аны 1992-жылы аяктаган.

1992-2000-жылдары тергөөчү, прокурордун жардамчысы, прокурордун орун басары.

2000-2005-жылдары  Кыргыз Республикасынын Транспорттук прокурору;

Кемин районунун прокурору;Жайыл районунун прокурору;

Ыссык-Көл облусунун прокурору.

2006-2007-жылдары КР УКМК Башкармасынын орунбасары.

2007-2009- жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.

2009-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Волейбол Федерациясынын президенти.

2009-2010- Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча кеңешчиси.

2013- Кыргыз Республикасынын Волейбол Федерациясынын президенти.

2019- жылы Азия Волейбол Конфедерациясынын генералдык секретары.

2021-жылы № 12 Өзгөн бир мандаттык округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды.

Үй бүлөлүү, беш баланын атасы.

Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич
Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0