Шакиев Нурланбек Тургунбекович

1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен айылында туулган.

Жогорку билимдүү;

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн;

1996-1997-жж. – «Обон» гезитинин башкы редактордун орун басары, башкы редактор;

1997-1999-жж. – «Учкун» гезитинин башкы редактору;

1999-2004-жж. – «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;

2004-ж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы;

2005-2006-жж. – «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору;

2006-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы;

2009-2010-жж. – «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;

2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри;

2012-2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин кеңешчиси;

2017-2021-жж. – «2 канал» (New TV) ЖЧКнын башкы директору;

2021-ж. – № 17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

КМШнын аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун юбилейлик медалы жана башка бир катар ведомстволук медалдардын ээси.

Шакиев Нурланбек Тургунбекович
Шакиев Нурланбек Тургунбекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0