Сулайманов Кундузбек Кошалиевич

1967-жылдын 2-мартында Токтогул районунундагы Үч-Терек айылында туулган.

1973-1983-жылдары Үч-Терек айылындагы Горький атындагы орто мектебинде билим алган.

1983-1984-жылдары Үч-Терек айылынын Маданият үйүндө көркөм жетекчи жана Шопоков атындагы совхоздо жумушчу болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

1984-1985-жылдары Фрунзе шаарындагы №3 кесиптик-техникалык окуу жайында да окуган.

1985-1987-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1987-1992-жылдары Бишкектеги политехникалык  институтунда билим алып, инженер-механик адистигине ээ болгон.

1992-1993-жылдары Өндүрүштүк тажрыйба бирикмесинде маркетинг боюнча инженер болуп иштеген.

1993-2014-жылдары КРнын Ички иштер органдарынын курамында инспекторлуктан тартып, Ош шаардык ЖКККБнүн  башчылыгына чейин кызмат кылган.

2000-2010-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинин “юриспруденция” багыты боюнча сырттан окуу бөлүмүндө билим алган.

2011-2021-жылдары жеке ишкерлик менен алектенип, “КУБ” ЖЧКсын түзгөн жана жетектеген.

2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.

Үй бүлөлүү, 4 уул 1 кызы бар.

Сулайманов Кундузбек Кошалиевич
Сулайманов Кундузбек Кошалиевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0