1969-жылдын 19-августунда Бишкек шаарында туулган.
Билими: жогорку. 1986–жылы Мичурин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, 1995 — жылы БГУну бүтүргөн.
2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынынын Юриспруденция адистигин аяктаган
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын Эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн
Эмгек жолу:
1991-жылы Жалал-Абаддагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) жетектөөчү адиси
1995–2010- жж. «Палван» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.
1998–2010-жж. «Алмаз» акционердик коом башкармалыгынын төрайымы.
2000–2001-жж. Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк регион боюнча президенти.
2003–2005-жж. «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.
2005-жылы «Экогармония женщин» коомдук бирикмесинин түзүүчүсү.
2004-жылы Азия боюнча (азиялык) «Алыш» белбоо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти.
2005-жылы Эл аралык «Алыш» белбоо курөш федерациясынын ардактуу президенти.
2010-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын V чакырылышынын Жогорку Кенешине «Республика» саясий партиясынан депутат болуп шайланды.
2011-ж. – Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комититетинин төра- йымы
2011–2013-ж. Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
2012-ж., июль. – Республика фракциясынын лидеринин орун басары.
2013–2015-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төраганын орун басары
2015-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын VI чакырылышынын Жогорку Кенешине «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп шайланды.
2016-жылы Конститутциялык мызамдардын, мамлекеттик түзүлүштүн, сот-укуктук маселелеринин жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча Комитеттин төрөгасынын орун басары
2016-2018 жылдары Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри
2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Наамдары, сыйлыктары жана класстык чини:
Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, 2011-ж.
Орто Азия Элдеринин тарыхы институтунун Академиги.
Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы.
«ФИЛА» ордени менен сыйланган.