Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна

1978-жылдын 23-ноябрында Фрунзе шаарында туулган.Жогорку билимдүү.

2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча, 2003-жылыУлуубританиянын Бристолдук университетинин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 2003-жылдан баштап Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштөө менен баштаган.

2004-2006-жылдары КР Социалдык фондунун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.

2006- 2015-жылдары «Кудайберген»

соода-базар комплексинин директору.

2015 — жылы VI — чакырылыштагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин КСДПка партиясынан депутат болуп шайланган.

2020-жылдын октябрь айынын 2021-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган.

2022- жылдын 11-мартынан баштап № 27 Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Сыйлыктары:

2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын «Шаардын тейлөө тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» Ардак грамотасы менен сыйланган;

2011-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын «Борборду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» Ардак грамотасы менен сыйланган;

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш комиссиясынын “Айылдарды суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” Ардак грамотасынын ээси.

2018-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин “КМШ ПААга 25 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2018-жылы парламентаризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

2019-жылы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 80 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0