Сыдыков Бактыбек Усенович

1970-жылдын 18-июлунда Лейлек районунун Исфана кыштагында туулган.

-1993-жылы Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин “инженер-механик” адистиги боюнча бүтүргөн.

-2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын “мамлекеттик башкаруунун менеджменти” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1994-жылы Кыргыз-казак СП “Трио-Б”нын башкы директору;
  • 2000-2001-“Кыргыз-Дан-Азык” АК мүлктүк комплексинин директору;
  • 2001-2005-жылдары “Кыргыз-Дан” компаниясынын башкы директору;
  • 2005-жылы Кыргыз Республикасынын финансы мсинистринин кеңешчиси;
  • 2005-2007-жылдары “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын социалдык-экономикалык маселелер боюнча вице-президенти;
  • 2007-2008-жылдары Мамлекеттер аралык авиациялар комитетинин КМШ Аэропорттор Ассоциациясынын төрагасы;
  • 2007-2010-жылдары “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын президенти;
  • 2011-2015-жылдары “АККА компаниялар тобу” ЖАКынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2015-2020-жылдары “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутат;
  • 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү;
  • 2020-2021-жылдары “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКнын Башкы директору-Башкармалыгынын Төрагасы;
  • 2021-жылы “АККА компаниялар тобу” ЖАКынын Башкармалыгынын Төрагасынын кеңешчиси;
  • 2021-жылдын 29-декабрында №16 Ноокен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
  • 2022-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Сыйлыгы:

  • Жарандык авиацияны өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасы.
Сыдыков Бактыбек Усенович
Сыдыков Бактыбек Усенович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0