Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1972-жылдын 21-сентябрында туулган.
Билими:
- 1990-1992 — Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринардык факультетте окуган;
- 1992-1997 — Стамбул университетинин (Түркия) токой чарба факультетинен инженер кесиби боюнча билим алган;
- 2001 — Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде инженер-эколог адистиги боюнча бакалавр даражасын алган;
- 2009 — КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясында менеджмент адистиги боюнча бакалавр даражасын алган;
Эмгек жолу:
- 1996-1997 — «Корис интернейшнл» француз-түрк камсыздандыруу ишканасында КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн кызматкери;
- 1997-2000 — ӨР өкмөтүнүн алдындагы Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы;
- 2000-2004 — ЖКда депутаттын жардамчысы, парламенттеги Өндүрүш жана бизнести өнүктүрүү комитетинде консультант;
- 2004-2010 — КР президентинин Иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчисинен тарта биринчи орун басарга чейин;
- 2010-2013 — «Айат» гезитинде редактор, саясий баяндамачы;
- 2013-2015 — «АЮ Холдинг» ишканасынын президентинин кеңешчиси;
- 2015 — «АЮ Холдинг» ишканасынын вице-президенти;
- 2018 — «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунун башкы директору;
- 2018-2020 — Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси;
- 2020-жылдын июль айында Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалган.
- 2020-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.