Таалайбек кызы Жылдыз

1990-жылдын 3-ноябрында Нарын облусунун, Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.

Билими:

2007-жылы “SILK-ROAD” эл аралык мектебин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Борбордук Азиядагы Америка Университетине тапшырган. “Эл аралык жана бизнес укугу” багытында окуган. 2012-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктап, “бакалавр” даражасына ээ болгон.

2012-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырган. 2014-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктап, “магистр” академиялык даражасы ыйгарылган.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясына тапшырган. “Эл аралык мамилелер” багытында окуган. 2021-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктап, “магистр” квалификациясы ыйгарылган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2013-2014-жылдары “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасында катчы-референт кызматында эмгектенген.

2014-жылдын мартынан 2014-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин Эл аралык укук департаментинин эксперт-жетектөөчү референт кызмат ордунда иштеген.

2019-жылдын майында Тышкы иштер министирлигинин Эл аралык укук департаментинин эксперт-жетектөөчү референт кызматына дайындалган. Аталган кызматта 2021-жылдын 16-февралына чейин иштеген.

2021-жылдын мартынан бери “Таалайбек Курткаев атындагы кайрымдуулук фонду” коомдук фондун жетекчиси.

2021-жылдын ноябрынан “Ишеним” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

 

Таалайбек кызы Жылдыз
Таалайбек кызы Жылдыз
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0