Талиева Камила Абдыразаковна

1967-жылдын 28-декабрында Лейлек районунун Арка айылында туулган. 1975-1985-жылдары орто мектепти Маргун, Арка айылдарында окуп, мектепти бүтүргөндөн кийин, Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, 1989-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

1990-1995-жылдары ОшМУнин «Педагогика жана психология» адистигине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин Бишкек Билим берүү институтунун филология факультетине тапшырып, кыргыз тили жана адабият мугалими адистигине ээ болгон.

1997-1999-жылдары Аспирантурадан билим алып, 1999-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында  «Семетейчи Сейдеке Молдокееванын «Семетейиндеги салттуулук жана индивидуалдуулук» деген темадагы диссертациялык ишин ийгиликтүү коргогон.

1995-жылы ЖАМУнун филология факультетинде лаборант, ага лаборант, окутуучу, ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу, 2003-2005-жылдары  декандын окуу иштери боюнча орун басары кызматтарын аркалаган.

2005-жылдын март айынан баштап Жалал-Абад облустук администрациясында губернатордун социалдык маселе боюнча орун басары, 2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө уюштуруу бөлүмүндө эксперт, 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, 2012-2014 жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө вице-премьер-министр, 2014-жылы Маданият, маалымат жана туризм министри, 2015-жылдан 2021-жылдын декабрына чейин (КМУ) И.Арабаев атындагы университетинде доцент болуп эмгектенген.

2021-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Талиева Камила Абдыразаковна
Талиева Камила Абдыразаковна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0