Темирбаева Миргул Омурзаковна

1979-жылдын 13-декабрында Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак айылында туулган.

1996-жылы Тогуз-Булак орто мектебин алтын медал менен аяктаган.

Жогорку билимдүү.

2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин «туркология» адистиги боюнча бүтүргөн.

2001-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында аспирантурада билим алган.

2004-2007-жылдары Бишкек шаарында жеке ишканада котормочу.

2007-2008-жылдары Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде ага окутуучу, окумуштуу катчы. Бишкек шаары.

2008-2011-жылдары «Стройтехника» ЖЧК бухгалтер. Москва шаары.

2011-2012-жылдары «Уста» ЖЧК, башкы бухгалтер, финансы директорунун орун басары. Москва шаары.

2015-2021-жылдары «Сырма Текстиль-Бишкек» ЖЧКсынын директору.

2021-жылы «Ишеним» партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Бир уул бир кыздын энеси.

Темирбаева Миргул Омурзаковна
Темирбаева Миргул Омурзаковна
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0