1986-жылдын 28-августунда туулган.
Туулган жери Кыргыз ССРинин Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Ильич айылы. Улуту боюнча кыргыз. Үй бүлөөлү, үч баланын атасы.
2004-жылы орто мектепти аяктап, 2004-2009-жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде, «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча жогорку билим алган.
2011-2014 жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде» Экономика жана ишкана башкаруу» адистиги боюнча экинчи жогорку билимин алган.
Эмгек жолун 2009-жылдын 2-октябрынан баштап «Транс Азия» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары катары баштап, бул кызматта 19.01.2010-жылдын 19-январына чейин эмгектенген.
2010-жылдын 1-февралында Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Бишкек шаарындагы Биринчи Май району боюнча башкармалыгында Салыктарды өндүрүү бөлүмүнүн юридикалык жактар секторунун инспектору болуп дайындалган. 2012-жылдын 10-сентябрында салык карызын өндүрүү башкармалыгын мажбурлап өндүрүү секторунун инспектору кызматына которулуп, 2015-жылы салык карызын өндүрүү башкармалыгынын мажбурлап өндүрүү секторунун улук инспектору болуп дайындалган. 2020-жылдын 11-сентябрында бул кызматтан өз арызынын негизинде бошотулган.
2021-жылдын 14-апрелинен тартып Саткынбай Тентишев атындагы Азиялык медицина институтунун негиздөөчүсүнүн ишенимдүү өкүлү болуп иштеди.
2021-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланды.
2021-жылы «КЕМЕНГЕР» Ардак белгиси менен сыйланган.