Тентишев Бакыт Эркинович

1986-жылдын 28-августунда туулган.

Туулган жери Кыргыз ССРинин Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Ильич айылы. Улуту боюнча кыргыз. Үй бүлөөлү, үч баланын атасы.

2004-жылы орто мектепти аяктап, 2004-2009-жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде, «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча жогорку билим алган.

2011-2014 жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде» Экономика жана ишкана башкаруу» адистиги боюнча экинчи жогорку билимин алган.

Эмгек жолун 2009-жылдын 2-октябрынан баштап «Транс Азия» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары катары баштап, бул  кызматта 19.01.2010-жылдын 19-январына чейин эмгектенген.

2010-жылдын 1-февралында Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Бишкек шаарындагы Биринчи Май району боюнча башкармалыгында Салыктарды өндүрүү бөлүмүнүн юридикалык жактар ​​секторунун инспектору болуп дайындалган. 2012-жылдын 10-сентябрында салык карызын өндүрүү башкармалыгын мажбурлап өндүрүү секторунун инспектору кызматына которулуп,  2015-жылы салык карызын өндүрүү башкармалыгынын мажбурлап өндүрүү секторунун улук инспектору болуп дайындалган.  2020-жылдын 11-сентябрында бул кызматтан өз арызынын негизинде бошотулган.

2021-жылдын 14-апрелинен тартып Саткынбай Тентишев атындагы Азиялык медицина институтунун негиздөөчүсүнүн ишенимдүү өкүлү болуп иштеди.

2021-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланды.

2021-жылы «КЕМЕНГЕР» Ардак белгиси менен сыйланган.

 

Тентишев Бакыт Эркинович
Тентишев Бакыт Эркинович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0