Токторбаев Женишбек Шермаматович

1968-жылдын 14-февралында Ош облусунун Сузак районундагы Кара-Жыгач айылында көп балалуу жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1975-1985-жылдары ошол эле айылдагы Н.К. Крупская атындагы №6 орто мектепте окуп, жалпы билим алган. 1986-жылы Украинадагы Хмельницк Технологиялык институтуна тапшырып, «Инженер-механик» факультетинде кесиптик билим ала баштаган.

1986-1988-жылдары Германияда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1988-1992-жылдары жогорку окуу жайда окууну улантып, «Инженер-механик» адистигине ээ болгон.

1992-1993-жылдары Жалал-Абад шаарынын Жалал-Абад алкоголсуз сыра бирикмесинде «микробиолог» кызматында иштөө менен эмгек жолун баштаган.

1995-1998-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинде сырттан окуп, «Юриспруденция» адистиги боюнча экинчи жогорку билимдин ээси болгон.

1996-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрларды даярдоо борборунда «Укук таануу» адистиги боюнча толук курсту аяктаган.

1994-жылдан 2003-жылга чейин ишкерлик менен алектенип, анын негизинде көптөгөн адамдарга иш орун түзгөн.

2004-2005-жылдары Жалал-Абад шаарынын «Достук» Коомдук аймактык башкармалыгынын башчысы кызматында эмгектенген.

2004-жылдан тартып 2008-жылга чейин Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты болгон.

2021-жылы “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланды.

Жалал-Абад шаарындагы «Жеӊиш-Достук» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. Фонд балдар үйлөрүнө, интернаттарга, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдөгү балдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, карылар үйүнө дайыма жардам берип келет.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Токторбаев Женишбек Шермаматович
Токторбаев Женишбек Шермаматович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0