Толонов Данияр Эрмекович

1972-жылдын 25-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

Жогорку билимдүү.

1996-жылы Ош технологиялык университетин “автомобиль жана автомобилдик чарба” адистиги боюнча бүтүргөн.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын магистратурасын “менеджмент” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1993-2002 жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан баштаган.

2008-2010 жылдары Ош облусундагы Миграция жана жумуштуулук боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген.

2010-2012 жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин Ош областтык башкармалыгынын начальниги болгон.

2012-2013 жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Түштүк боюнча координатору, миграциялык саясат башкармасында бөлүмдүн начальниги кызматын аркалаган.

2013-2015 жылдары Миграция министирлигинин саясат башкармалыгынын түштүк регону боюнча чет өлкөлүк жумушчу күчү менен иштөө бөлүмүнүн начальниги кызсатын аргалаган.

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасынын орун басары.

2021-жылдын ноябрында № 10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин Төрагасы.

Мамлекеттик кызматтын 2 класстагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Толонов Данияр Эрмекович
Толонов Данияр Эрмекович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0