Тумонбаев Акылбек Тогузбаевич

1972-жылдын 21-мартында Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган;

Жогорку билимдүү;

2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган;

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
К.Дыйканбаев атындагы дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамилелер” бөлүмүн аяктаган;

Эмгек жолун 1992-жылы “Дизайн” долбоорлорду каттоо кооперативинде катардагы кызматкер болуп баштаган;

1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызмат өтөгөн;

1995-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясында катардагы кызматкер болуп иштеген;

1999-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында  ыйгарым укуктуу опер кызматкери болуп иштеген;

2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Кемин райондук аймактар аралык бөлүгүнүн ыйгарым укуктуу опер кызматкери болуп иштеген;

2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полициясында кызмат өтөгөн;

2009-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полициясында кызмат өтөгөн;

2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болгон;

2021-жылы №35 Ак-Суу райондук шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

“Элдик” депутаттык тобунун лидери

Сыйлыктары:

Жумуштагы жогорку көрсөткүчү үчүн Мамлекеттик салык инспекциясынын грамотасы (1998-жылы).

Төш белгилери: “Шаң” (2006-жылы), “мыкты кызматкер” (2007-жылы), “Күжүрмөн” (2009-жылы), “Мекенчил” (2009-жылы), “Мамлекеттик аудит отличниги” (2018-жылы).

Медалдары: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын үлгүлүү кызматкери III – даражадагы медалы” (2020-жылы), “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын үлгүлүү кызматкери I – даражадагы медалы” (2021-жылы)

Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Тумонбаев Акылбек Тогузбаевич
Тумонбаев Акылбек Тогузбаевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0