1966-жылдын 3-майында Ош облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында туулган;
Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз медициналык институтунун стоматологиялык факультетин аяктаган;
1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык факультетин бүтүргөн;
1994-1995-жылдары Ош облустук стоматологиялык поликлиникасында интернатурада окуган;
Эмгек жолун 1983-жылы Ала-Бука районунун «Бирлик» совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган;
1995-1999-жылдары – жеке ишкер;
2000-2003-жылдары Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын «Шекер-Ордо» ЖЧКнын соода-сатык иштери боюнча башчысы;
2003-2005-жылдары «Ошкрастекст» ЖЧКнын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, директор;
2005-2007-жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган;
2007-жылы IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2007-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болгон;
2011-жылы Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болгон;
2021-жылдын ноябрында № 18 Ала-Бука бир мандаттуу шайлоо округу боюнча IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган;
Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.