Жакышов Русланбек Шергазиевич

1974-жылдын 19-мартында Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2007-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырып, 2013-жылы инженер-механик адистиги боюнча аяктаган;

2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «юриспруденция» бөлүмүн аяктаган;

1993-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын армиясында аскердик милдетин өтөгөн;

2005-2010-жылдары «Ак-Жолтой» ААКсында иштеген;

2010-2011- жылдары Бишкек шаардык мэриясына караштуу транспорт башкармалыгынын КТП бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2011-2013-жылдары ЖЧК «АИИД-Сервис» фирмасында директордун орун басары;

2013-2015-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин районуна караштуу Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2016-2017-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты;

2017-2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты, 2018-жылы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган;

2021-жылы «Ишеним» саясий партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй бүлөлүү, үч кыз, бир уулдун атасы.

Жакышов Русланбек Шергазиевич
Жакышов Русланбек Шергазиевич
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0