1982-жылы 12-мартта Фрунзе шаарында туулган;
Жогорку билимдүү. 2006-жылы Генерал-майор Э.Алиев атытндагы Ички иштер министрлигинин академиясын «Юриспруденция» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган;
2003-жылы «Princess college» (Лондон, Улуу Британия) англис тилин тереңдетип окуган;
2012-2016-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Экономика факультетинде «Финансы жана кредит» адистиги боюнча билим алган;
2020-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Экология жана жаратылышты пайдалануу» адистиги боюнча магистратурага тапшырган;
Эмгек ишмердүүлүгү:
2007-2010-жылдары — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансылык полиция кызматынын тергөө башкармалыгы, тергөөчү;
2010-2011-жылдары — Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы, экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги;
2011-2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
07.2012-11.2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
2014-2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу;
2015-2016-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аппарат жетекчисинин орун басары;
2016-2018-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Аппарат жетекчисинин орун басары — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги.
2018-2020-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
2022-жылдын февраль айында «Альянс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.