Жамгырчиев Эмил Эрикович

1982-жылы 12-мартта Фрунзе шаарында туулган;

Жогорку билимдүү. 2006-жылы Генерал-майор Э.Алиев атытндагы Ички иштер министрлигинин академиясын «Юриспруденция» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган;

2003-жылы «Princess college» (Лондон, Улуу Британия) англис тилин тереңдетип окуган;

2012-2016-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Экономика факультетинде «Финансы жана кредит» адистиги боюнча билим алган;

2020-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Экология жана жаратылышты пайдалануу» адистиги боюнча магистратурага тапшырган;

Эмгек ишмердүүлүгү:

2007-2010-жылдары  — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансылык полиция кызматынын тергөө башкармалыгы, тергөөчү;

2010-2011-жылдары — Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы, экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги;

2011-2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

07.2012-11.2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

2014-2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу;

2015-2016-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аппарат жетекчисинин орун басары;

2016-2018-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Аппарат жетекчисинин орун басары — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги.

2018-2020-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

2022-жылдын февраль айында «Альянс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жамгырчиев Эмил Эрикович
Жамгырчиев Эмил Эрикович
Жалпы айтуулар: 46 дөн 0