Мектеп окуучуларынын тамак-ашынын өлчөмүң 7 сомдон 20 сомго чейин көтөрүү сунушталууда.

Мектеп окуучуларынын тамак-ашынын өлчөмүң 7 сомдон 20 сомго чейин көтөрүү сунушталууда.
20-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучуларды тамактандырууну уюштурууну жакшыртуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун карады.
Жогорку Кеңештин токтом долбоорунун демилгечиси – депутат Айгүл Айдарова. Мектеп окуучуларынын тамак-ашынын өлчөмүн 7 сомдон 20 сомго чейин көтөрүү сунушталууда.
Бул тууралуу маалыматты билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Каржы министрлигинин өкүлдөрү бул маселе 2023-жылга республикалык бюджеттин алкагында каралышы керектигин, анткени быйылкы жылга каржылоо булагы аныктала электигин белгилешти. Талкуу учурунда депутат Гүлкан Молдобекова азык-түлүктүн кымбатташын эске алуу менен балдардын тамак-ашына каражатты көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.  Ал эми депутат Айгүл Айдарова бюджеттик каражаттарды эффективдүү бөлүштүрүү менен каржылоо булагын табууга болорун баса белгиледи. Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева республиканын бардык аймактарындагы билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусуна бирдиктүү сумманы кароону сунуштады. Депутат Айбек Маткеримов мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдарды тамактандыруу, мектеп имаратынын учурдагы жана капиталдык ремонтун каржылоо маселелерин белгиледи. Өз кезегиндн Билим берүү жана илим министринин орун басары мектеп имараттарын оңдоого мамлекет тарабынан 100 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп жатканын, мындан тышкары каражат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан каралып жатканын белгиледи.
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!