Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу тууралуу маселени изилдөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү

Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу тууралуу маселени изилдөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү

27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу тууралуу маселени изилдөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды. Аталган сунуш “Элдик” депутаттык тобу тарабынан демилгеленген.

Комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар кирди:

  • Эльдар Сулайманов (“Ата-Журт – Кыргызстан” парламенттик фракциясы);
  • Мурадил Сыдыков (“Ынтымак” парламенттик фракциясы);
  • Русланбек Жакышов (“Ишеним” парламенттик фракциясы);
  • Нилуфар Алимжанова (“Альянс” парламенттик фракциясы);
  • Эмиль Токтошев (“Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясы);
  • Замирбек Мамасадыков (“Ыйман нуру” парламенттик фракциясы);
  • Жалолидин Нурбаев (“Элдик” депутаттык тобу).
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!