ЖК кыргызстандык мигранттардын балдарынын укуктарын коргоо кызматын түзүүнү сунуштоодо.

ЖК кыргызстандык мигранттардын балдарынын укуктарын коргоо кызматын түзүүнү сунуштоодо.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова мигрант балдардын укугун коргоо программасын иштеп чыгууну сунуштады.
Ал ата-энеси эмгек миграциясында жүргөн балдардын, мектептеги көйгөйлөүн белгиледи.
«Орусиядагы мигранттар балдарын мектепке киргизүүдө чоң көйгөйлөргө дуушар болушат. Көпчүлүгү билимсиз бойдон калууда. Айрым маалыматтар боюнча, Орусиядагы мигранттардын балдарынын 17 пайызы мектепке барбайт. Мындай кырдаалды эске алуу менен мигрант балдардын укугун коргоо программасын иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары, алардын укуктарын коргоо кызматын түзүү зарыл», — деди депутат.
Чолпон Султанбекова министрлер кабинетин Балдар кодексине кол коюуга тоскоолдук кылбоого чакырды.
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!