Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстандын аймактары боюнча короновирус жуктуруп алгандардын (ЖА) жана айыгып кеткендердин (АК) динамикасы

Кыргызстанда 24-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 25 адамдан табылды. Алардын алтоо Бишкек шаарында, Чүй облусунда төртөө, Ош шаарында үчөө, Ош облусунда үчөө жана Нарын облусунда тогуз адам.

Анын айтымында, бир сутка ичинде 20 бейтап айыгып чыкты.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата COVID-19 жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 656 болду, алардын сегизи каза тапты, 322 бейтап сакайып кетти.

326 бейтап ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда.

656 адамдын 157си Ош облусунда, 147си Бишкекте, 109у Жалал-Абад облусунда, 104ү Ош шаарында, 83ү Нарын облусунда, 42 адам Чүй облусунда, сегизи Ысык-Көл облусунда жана Баткен облусунда алты адам.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп билдирген.

https://www.azattyk.org/a/30573791.html

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!