Исхак Масалиев министрлер кабинети суроо берүүгө укуктуу экенин, бирок материалдар талкууга үч күн калганда алынышы керектигин, бирок депутаттарда жок экенин билдирди.
⠀
«Туура, казинолорду мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору биринчи жолу талкууланып жаткан жок. Комитет талкуулап, кечээ эле өз чечимин чыгарды. Материал жок, анан кантип карайбыз?» — деп сурады депутат.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинде:
- Жыйналыштын күн тартиби боюнча материалдар ушул Регламентте белгиленген учурлардан тышкары, депутаттарга Жогорку Кеңештин жыйынына чейин 3 күндөн кечиктирилбестен берилет.
- Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кароого чейин 3 күндөн кечиктирбестен депутаттарга коштоочу документтери менен берилет.