Депутаттар парламентте демократиянын борборун түзүүнү сунуштады

Депутаттар парламентте демократиянын борборун түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборун түзүүнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында депутат Венера Раимбачаева билдирди.

Анын айтымында, жаңы түзүм Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу жана демократияны өнүктүрүү менен алектенет. Демилгечилер борбор республикалык эмес, парламенттин бюджетинен каржыланып, эл аралык донорлор менен кызматташа турганын белгилешти.

Белгилей кетсек, парламенттин бюджети мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражаттын эсебинен түзүлөт.

Венера Раимбачаева дагы жаңы штаттык бирдиктерди бекитүү керектигин, андан кийин аларга эмгек акы төлөө маселеси көтөрүлөөрүн эскертти. Борборду Жогорку Кеңештин бюджетинен каржылоо мүмкүн эмес, анткени ал бекитилип, мындай чыгымдар каралбайт.

Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборун түзүү боюнча токтом долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!