Кыргызстанда онлайн-петициялар болушу керекпи?

2019-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңештин депутаты А. Касымалиева демилге кылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлган.

Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:
 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан петицияларды кароо тартиби жөнүндө жобонун долбоору.

Бул демилгенин негизги идеясы автордун Кыргызстанга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө активдүү өнүгүп жаткан онлайн-петициялар институтун киргизүү каалоосу болуп саналат.
5 миңден кем эмес жарандын колу коюлган же электрондук форматта катталган (КР ЖК расмий сайтында) петициялары Жогорку Кеңештин комитети тарабынан милдеттүү каралууга жатат, ал эми 10 миң жарандын колу коюлган петиция Жогорку Кеңеште милдеттүү каралууга жатат.

Интернет-технологияларды турмушка активдүү киргизүү узак убакыттан бери жүрүүдө. Биз электрондук өкмөт, мамлекеттик сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөр порталы, бийликтин ар кайсы деңгээлдеринде видео жыйналыштар жана башка тажрыйбалар жөнүндө көп эле угуп жүрөбүз, алар мамлекет менен коомдун өз ара аракеттенүүсүн кыйла оңтойлуу кылат. Ошол эле учурда дал коомдук демилгелер системасы калктын кеңири катмарынын саясий чөйрөдө катышуусунун заманбап формасы болуп саналат, ал эл катышкан иш-чаралар (жөө жүрүштөр, митингдер, өз-өзүнчө пикетке чыгуу) жана шайлоолорго катышуу менен эле чектелбейт.

Бул шайман Кыргызстандын айрым жарандарына же коомдук бирикмелерине саясий процесстерге активдүү катышуу үчүн натыйжалуу механизмди бермек. Бирок мыйзамдарга сунушталган түзөтүүлөр телекоммуникациялардын, интернеттин жана маалыматтык технологиялардын зарыл деңгээлин эске албайт.
Ошондой эле онлайн-петициялар идеясы кол тамгаларды топтоо жана жамааттык кайрылуу менен теңдештирилип коштолуучу мамлекеттин (айрым органдын же чиновниктин) дарегине кайрылуу менен эле чектелүү тобокелдиги чоң.
Бирок, дал онлайн-петициялар калкка өзүнүн районунун, шаардын жана жалпысынан өлкөнүн турмушуна активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берет, бул демократиялык катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Шилтеме: http://www.kenesh.kg/ru/article/show/5228/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-15-aprelya-vinositsya-proekt-zakon-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniy-v-nekotorie-zakonodatelynie-akti-kirgizskoy-respubliki

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!