Тышкы миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр

2019-жылдын 19-мартында Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү демилге кылган.

Азыркы учурда аталган мыйзамдын 43-беренесине ылайык 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт 3 жыл мөөнөткө таризделет.

16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспортту тариздөө тартибин өркүндөтүү максатында 16 жашка чейинки балдарды эки категорияга бөлүү жана алардын ар бири үчүн паспортту тариздөөнүн өз мөөнөтүн бекитүү сунушталат:

  • туулган учурдан тартып бир жашка чыкканга чейин – 2 жыл мөөнөткө;
  • бир жылдан он алты жашка чыкканга чейин – 5 жыл мөөнөткө.

Мындай жаңы өзгөртүүлөр 2 жаштан улуу балдары бар жарандарга ашыкча чыгымдардан арылууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө тиешелүү органдарга идентификациялоо жол-жобосун жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

http://www.kenesh.kg/ru/draftlaw/514116/show

 

 

 

Маалымат булагы: http://www.kenesh.kg/ru/draftlaw/514116/show
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!