Кыргыз Республикасынын БШКсына мамлекеттик орган катары өзгөчө статус берүүнү сунуштайт

2021-жылдын 18-майында “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жарыяланган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев.

Конституциянын жаңы редакциясынын 107-беренесинин V бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсына өзгөчө макамы бар мамлекеттик орган статусу берилди.

Конституциянын жаңы редакциясынын 110-беренесине ылайык, ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ишин уюштуруу жана тартиби, ошондой эле алардын көзкарандысыздыгынын кепилдиктери конституциялык мыйзамдар менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын БШКсы – шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылган жана шайлоо комиссияларынын тутумун жетектеген туруктуу иштеген мамлекеттик орган болуа саналат. Ошол эле учурда шайлоо комиссияларынын тутумунун иши боюнча ченемдер мыйзам тарабынан бекитилет, ошол эле учурда демилгечилер конституциялык мыйзамы менен дагы бекитүүңу сунуш кылып жатат.

Бул учурда КР БШКнын статусу башка конституциялык органдардын статусуна, мисалы Башкы прокуратура, Конституциялык сот, Эсеп палатасы ж.б. барабар кылынат

Ошол эле учурда, КР БШК, сунуш кылынган долбоорго ылайык, шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумунан чыгарылат. Ошол эле учурда, сунушталып жаткан долбоордо аймактык шайлоо комиссияларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын статусу боюнча ченемдер жок.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда, КР БШКнын курамын түзүүнүн тартиби Конституцияга ылайык келтирилген, 12 мүчөнүн өлчөмүндө учурдагы комиссия мүчөлөрүнүн саны сакталып калган, аны менен кошо төраганын орун басарларынын саны 1ге чейин кыскартылгын.

Ошондой эле, аны Конституцияга ылайык келтирүү максатында курамды түзүү үчүн төмөнкүдөй түзөтүүлөр сунушталат:
– Президенттин сунушу боюнча КР БШКнын 6 мүчөсү
– Жогорку Кеңештин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын БШКнын 6 мүчөсү, бир жыныстагы адамдардын 70% дан ашпаган катышуусун эске алуу менен.

Мындай жагдайда, КР БШКнын мүчөлөрүн бошотуу тартиби парламентте калат.

Жарандык Платформа КФ өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын БШК мүчөлөрүнүн санын 12 адамдан 10 адамга чейин кыскартууга болот деп эсептейт, анткени Конституциянын 80-беренесинде КР БШКнын мүчөлөрүнүн саны боюнча ченем жок.
Жокко чыгаруу процедурасы учурдагы редакцияда дагы, сунуш кылынган редакцияда дагы өзгөрүүсүз калууда. Кыргыз Республикасынын БШКнын учурдагы курамынын ыйгарым укуктары анын биринчи жыйыны өткөн күндөн башталат.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!