Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштап жатышат

24-март 2020-жылы коомдук талкууга “Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруучу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коюулду, ал 23.03.2020-ж. № 6-6033/20 номери менен катталган жана анын демилгечиси болуп Жогорку Кеңештин депутаты И.Пирматов чыгып сүйлөөдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоору КРнын Жоруктар кодексине, Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык кодекстерине, жана ошондой эле КРнын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуш кылат.

КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинде 39-беренени 3-бөлүк менен толуктоо сунушталат, ал “Үй-бүлөдөгү зомбулук” 75-берене жана “Убактылуу сактоо ордеринин шарттарын аткарбоо” 76-берене боюнча тараптардын элдешүүсү менен жоопкерчиликтен бошотууга жол берилбегендикти белгилейт. Андан тышкары, Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-, 76-беренелеринде бекитилген санкциялар менен жазалардын түрлөрүнө өзгөртүүлөр киргизилет, атап айтканда, II категориядагы айыпты алып салуу жана II категориядагы түзөтүү жана коомдук иштер түрүндөгү жазаны калтыруу сунуш кылынат.

КРнын Кылмыш кодексин мыйзам долбоорунун автору 179-1 беренеси менен толуктоону сунуш кылган. “Убактылуу сактоо ордеринин шарттарын бузуу”, ал аны менен өмүр үчүн коопсуз эмес жана КРнын ККнин 138-беренесинде каралган “Ден-соолукка оор залалдарды келтирүү” кесепеттерин алып келбеген ден-соолукка залалдарды алып келген, бирок ден-соолуктун узак убакытка бузулгандыгын же жалпы эмгек жөндөмдүүлүгүнүн үчтөн биринен азыраагын чоң туруктуу жоготуусун алып келген, башкача айтканда, ден-соолукка аз залал келтирүү, убактылуу сактоо ордеринин шарттарын бузгандар үчүн баардык келип чыгуучу кесепеттер менен кылмыш жоопкерчилигин карайт. Ден-соолукка аз залал келтирүүнүн астында майда сөөктөрдүн жаракалары жана сыныктары, бир кулактын укпай калышы, колдун же буттун манжаларынан айрылуу, майда муундардан чыгуулар, зомбулукка байланыштуу оорулар жана организмдин функцияларынын бузулушу, жана ошондой эле эмгек жөндөмдүүлүгүн 10%тен 33%ке чейин жоготуусу кириши мүмкүн.

КРнын Кылмыш кодексине сунушталган башка өзгөртүүлөр болуп ден-соолукка оор залал келтирүү үчүн, үй-бүлө мүчөсүнүн ден-соолугуна анча оор эмес залал келтирүү үчүн жоопкерчиликти аныктоо, жана ошондой эле  үй-бүлө мүчөсүнүн ден-соолугуна байкоосуздан жана аффект абалында оор залал келтирүү КРнын ККнин 141- жана 142-беренелеринин 2-подпункттарына кошумча киргизүү болуп саналат. Ошентип, мыйзам долбоорунун демилгечиси үй-бүлө мүчөсүнүн ден-соолугуна залал келтиргендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигин бекемдетүүнү сунуш кылат. Үй-бүлө мүчөсү түшүнүгү ошондой эле КРнын ККне Тиркеме 1ге киргизилген жана адамдардын кенен чөйрөсүн камтыйт: теги бир болууга негизделген туугандарды, мурунку жубайларды, бала багып алгандарды/багып алынгандарды, асырап алгандарды/асыранды балдарды, чыныгы тарбиячыларды/тарбиялануучуларды.

КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинде каралган ушундай эле “үй-бүлө мүчөсү”  түшүнүгү терминдердин глоссарийине киргизилген, ал үй-бүлө мүчөсүнө киргизилген адамдардын чөйрөсүн аныктоого негиз берет. Маанилүү болуп КПКнин 23-беренесине “Куугунтуктоо түрлөрү” өзгөртүүлөрүн киргизүү саналат, ага ылайык Жоруктар жөнүндө кодексинин “Үй-бүлөдөгү зомбулук” 75- жана “Убактылуу сактоо ордеринин шарттарын аткарбоо” 76-беренелерин публикалык мүнөздөгү иштер категориясына которуу сунушталат, азыр үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн жана сактоо ордеринин шарттарын бузуу үчүн жабырлануучунун арызынын күтүүнүн кажети жок, жана адам жогоруда көрсөтүлгөн кыймыл-аракеттерди жасаган фактысы боюнча куугунтукка алынат. Андан тышкары, КРнын ККнин 161-беренесинин 1-п. каралган сунушталган түзөтүүлөргө ылайык зордуктоо үчүн, тактап айтканда, үй-бүлө мүчөсүн зордуктоо үчүн, тараптардын элдешүүсү менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу токтотулушу мүмкүн эмес.

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга 27-беренеге “Сактоо ордерин берүү жана узартуу” өзгөртүүлөр киргизилет, анда сактоо ордеринин шарттарын бузган адам (үй-бүлөлүк зомбулукту жасоого тыюу салуу жана үй-бүлө зомбулугунан жабыркаган адам менен түз жана кыйыр байланышка барууга тыюу салуу) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын учурдагы беренесинде каралган административдик эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун ырастап коомдук талкууга 31-март 2020-жылдан баштап “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору 31.03.2020-ж. № 6-6310/20 номери  менен коомдук талкууга коюлду, анын демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Г.Асылбаева болуп саналат.

Бул долбоор менен КРнын Жоруктар тууралуу кодексине үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн жоопкерчиликти бекемдөөгө байланыштуу өзгөртүүлөр козголгон. Өзгөчө, долбоордун автору административдик камакка алуу жаза түрүн киргизүүнү, жана Жоруктар жөнүндө кодексти 50-1 беренеси менен толуктоону сунуштайт, анда административдик камоо болуп тартип бузуучуну коомдон изоляция шартында 15 сутка мөонөткө камоо саналат.

Андан тышкары, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин “Үй-бүлөдөгү зомбулук” санкциясын административдик камоо сыяктуу жаза түрү менен толуктоону сунуштайт. Ошентип, мындай өзгөртүүлөргө байланыштуу, “Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруучу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам аркылуу берилет, ал 23.03.2020-ж. № 6-6033/20 номери менен катталган, анда санкциядан айып сыяктуу жазанын түрү беренесин алып таштоо сунуш кылынат, мындай жоруктар үчүн жаза болуп II категориядагы түзөтүү иштери,  же II категориядагы коомдук иштерге тартуу, же административдик камоо көрсөтүлгөн.

Мыйзамдардын жогоруда көрстүлгөн долбоорлору үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган, жана мыйзам долбоорлорунун авторлорунун негиздерин жана биздин коомдогу акыркы эки жылдагы кылмыштар менен жоруктардын статистикасын эске алуу менен, мындай түрдөгү иш-аракеттерди андан ары токтотуу үчүн мындан да катуу чараларга өтүүгө муктаждык келип чыкты. Бул чаралардын эффективдүүлүгү иш жүзүндө бир канча убакыттан кийин көрүнөт жана албетте, үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуунун үстүнөн иштөө муну менен бүтпөйт.

Макаланын автору – Жанна Ковальчук, “Гражданская платформа” КФнун парламентаризм боюнча адиси.

http://platforma.kg/?p=10455

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!