Шайлоо алдында шайлоо тууралуу закондондордо көбүрөөк жоопкерчиликтер

11-март 2020-жылы Парламенттин отурумунда биринчи окууда “Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу” (Бузуулар тууралуу кодекс, Жоруктар тууралуу кодекс, Кылмыш кодекси, Административдик-процессуфалдык кодекс),  ал Кыргыз Речпубликасынын Жогорку Кеңешинин демилгечи депутаттары, негизги докладчик болгон А.Исмаилова, азыр ал КР Өкмөтүнүн учурдагы Вице-премьер-министри, А.Касмалиева, Е.Строкова, К.Рыспаев, И.Омуркулов, А.Батырбеков, У.Примов, Т.Мамытов, А.Алтынбеков, С.Джураев, Б.Райымкулов жана У.Кыдыралиев (30.08.2019-ж. кир№ 6-18037/19.) тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алынды.

Сунушталган мыйзам долбоору шайлоонун жүрүшүндө шайлоо укуктарынын нормаларын бузуу үчүн жоопкерчиликтерди аныктоого багытталган. Ошентип, демилгечилердин сунушу боюнча Бузуулар жөнүндө кодекске 2 жаңы беренени, Жоруктар жөнүндө кодекске 3 жаңы беренени киргизүү, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине сатып алуу үчүн жоопкерчиликти аныктоочу беренеге, ошондой эле Административдик-процессуалдык кодекстин 201-беренесинин 4-б., шайлоочунун укуктарын бузган учурда сотко берүүнүн мөөнөттөрүн өзгөртүү менен өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Бирок, 422 беренесинде сунушталган норма Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 15-беренесинин 3-пунктунун 5-абзацында чагылдырылган (2019-ж. августта киргизилген сунуштар менен), анда шайлоочунун шайлоо дареги тууралуу анык эмес маалыматтарды билип туруп бергендиги үчүн жоопкерчилик алдын ала эле каралган.

Бузуу жөнүндө кодекстин 294-беренеси мурунтан эле ыйгарым укуктуу органга анык эмес маалыматты берүү үчүн жоопкерчиликти камтыганын эске алуу керек, демек, сунушталган 422 беренесинде ыйгарым укуктуу орган гана конкреттештирилген, ошол эле убакта анык эмес маалыматты берүү үчүн жоопкерчиликти Бузуу жөнүндө кодекстин 294-беренесиндегидей эле жаза аныктайт – 2-категориядагы айып. Ошондуктан, демилгечи мурунтан колдонуудагы беренени кайталоону алып таштоосу абзел.

Бузуулар жөнүндө кодекс

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Бузуулар жөнүндө кодекске 2 жаңы беренени: 421-беренеси “Шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерди жана талаптарды аткарбай коюу” жана 422-беренеси “Шайлоочу тарабынан билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү” киргизүүнү сунуштайт.

Сунушталып жаткан 422-беренесине ылайык жеке жана юридикалык адамдардын мыйзам тарабынан бекитилген мөөнөттөрдө шайлоо комиссиясына маалыматтарды же материалдарды бербей койгон учурда, жана ошондой эле алар тарабынан комиссиянын чечимдерин жана талаптарын аткарбай койгондугу үчүн жоопкерчилик III категорядагы айып түрүндө аныкталат, ал 55 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Шайлоочу тарабынан 422-беренесине ылайык шайлоо дарегин алмаштыруу жөнүндө шайлоо комиссиясына билип туруп анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчиликти II категорядагы айып түрүндө аныктоо сунушталат, ал 30 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Жоруктар жөнүндө кодекс

Жоруктар жөнүндө кодекске үч жаңы беренени киргизүү сунушталып жатат: 871— беренеси “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”, 872-беренеси “Талапкер тарабынан шайлануучу кызмат ордуна билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү”, 873-беренеси “Шайлоочу (референдумдун катышуучусу) тарабынан акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды кабыл алуусу”.

 Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу 871— беренеси

Берилген мыйзам долбооруна негиздемеге кайрылсак, анда анда мындай деп айтылат, шайлоо алдындагы шайлоо кампаниясын өткөрүүдө талапкерлер тарабынан “административдик ресурсту колдонууга” болгон даттанууларды талдоо жана алардын мүнөзү мыйзамда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуунун чыныгы механизми жок экенин көрсөттү.

ДИАУБ/ЕККУ (БДИПЧ/ОБСЕ) жана Венеция комиссиясынын 2016-жылкы шайлоо процесстеринин жүрүшүндө административдик ресурсту кыянаттык менен колдонууну алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча Биргелешкен сунушуна жана ЕККУнун байкоочуларынын Миссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Корутунду отчетуна ылайык: “мыйзамда так жана алдын ала айтылган тыюу бекитилиши керек (административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга). “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланганы” үчүн санкциялар алдын ала каралышы жана колдонулушу керек. Шайлоодо административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууну жана анын шайлоочулардын эркин билдирүүсүн бурмалоого таасирин алдын алуу максатында мыйзам долбоору административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга үчүн жоопкерчиликти киргизүүнү сунуштайт — II категорядагы айып түрүндөгү жазаны алып келет.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери тарабынан жасалган ошол эле иштер III категорядагы айып түрүндөгү кызмат ордунан четтелүү жана II категорядагы белгилүү бир кызмат ордун элөө укугунан ажыратуу жазасын алып келет.

Демилгечинин далилдерине макул болуу абзел жана берилген берене үчүн жоопкерчиликти киргизүү муктаждыгын айып категорясын IIIдөн II категоряга өзгөрүүсүн эске алуу менен моюнга алуу керек, анткени чындыгында Жоруктар кодексинде айыптардын I жана II гана категорялары каралган (II категория: жашы жете электер үчүн – 150дөн 250гө чейинки эсептик көрсөткүч, башка жеке адамдар үчүн — 300дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүч).

872-беренеси “Талапкер тарабынан шайлануучу кызмат ордуна билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү”, Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинде Кыргыз Республикасынын Президенттигине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка, жергиликтүү кеңешке, жергиликтүү кеңештин өзүн-өзү башкармалыгынын башчылык кызмат ордуна талапкердин билип туруп  анык эмес документтерди бергендиги, ошондой эле аны каттоого жана шайлоого тоскоол болуучу өзү тууралуу маалыматтарды жашыргандыгы, жана бөлөк мамлекеттин жарандыгы бар тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жоопкерчиликти бекитүү сунушталат.

“Билип туруп анык эмес маалыматтарды” түшүнүгүнүн астына шайлануучу кызмат ордуна талапкерлер тарабынан  бөлөк мамлекеттин жарандыгы бар тууралуу маалыматты, соттолгондугу алып салынбаган же жоюлбагандыгы тууралуу маалыматты, же талапкерлерди, саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана (же) каттоо үчүн берилүүчү кээ бир документтерди бурмалоо кирет.

873-беренеси “Шайлоочу (референдумдун катышуучусу) тарабынан акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды кабыл алуусу”,  артынан I категорядагы айып түрүндөгү жазаны алып келет (I категория: жашы жете электер үчүн – 50дөн 150гө чейинки эсептик көрсөткүч, башка жеке адамдар үчүн — 200дөн 300гө чейинки эсептик көрсөткүч).

Ошол эле убакта демилгечи 873-беренесине эскертүү жасоону сунуш кылат, тактап айтканда, берилген беренеде каралган кыймыл-аракетти жасаган адам шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды таркатуу тууралуу өз ыктыяры менен билдирсе, жоопкерчиликтен бошотулат.

Бирок, Өкмөт Жогорку Кеңештин тиешелүү Комитетине өзүнүн тыянагын жибергендигин эске алуу керек (27-январь 2020-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, 29.01.2020-ж. № 32, кир. № 6-1627/20), анда төмөнкүлөр белгиленет: “Сунушталган берене боюнча жоопкерчилик субъектиси болуп шайлоочулар, башкача айтканда жеке адамдар эсептелээрин белгилей кетүүнү абзел деп ойлойбуз. Ошол эле убакта I категориядагы айып түрүндөгү жазаны бекитүү сунушталып жатат (200дөн 300гө чейинки эсептик көрсөткүч). Белгиленген айып өлчөмү жеке адамдар үчүн эң эле көп деп эсептейбиз, анткени көпчүлүк учурда бул бузуунун субъектиси болуп калктын аярлуу катмары (аз камсыз болгон жарандар) эсептелет. Демек, Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексине ылайык минималдуу айып болуп I категориядагы айып саналат. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүн алып таштоону, ошол эле убакта мыйзам долбоордун 1-беренесин 3-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз: “423-беренеси Шайлоочу (референдумдун катышуучусу) тарабынан акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды кабыл алуусу

Шайлоочу (референдумдун катышуучусу) тарабынан өзү үчүн же үчүнчү адам үчүн акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды шайлоону (референдумду) даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн же добуш берүү күнүндө кабыл алуусу — I категориядагы айып жазасын алып келет”” .

Бул, биринчи кезекте, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 873-беренесин алып таштоону жана Бузуулар жөнүндө кодекстин 42-беренесин 3-бөлүк менен толуктоо менен аны которууну билдирет.

Экинчиден, аз камсыз болгон жарандардын укугун коргоону эске алуу менен жазаны жеңилдетүү жана II категориядагы айыпты (2-категориядагы айып: жеке адамдар үчүн – 3000 сом, юридикалык адамдар үчүн – 130 эсептик көрсөткүч 13000 сом) кароо керек.

Өз убагында, мыйзам долбоордун демилгечилери Өкмөттүн шайлоочунун өзүнүн добушун сатуу үчүн жазаланышын жеңилдетүүгө багытталган өзгөртүүлөрү менен бир добуштан макул болушкан.

Кылмыш кодекси

Сатып алуулар менен күрөшүү масатында мыйзам долбоорунун демилгечиси Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Бул берененин тарыхы башталаар алдындагысы төмөнкүдөй. 2019-жылдын январына чейин КР КК эски редакциясына ылайык шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн жоопкерчиликке талапкерлер жана алардын өкүлдөрү гана тартылбастан, шайлоочулардын добушун сатып алуу менен алектенген ар бир адам тартылган. Бирок 2019-жылдын январында КР жаңы КК күчүнө кирген, анда 192-берене шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн жоопкерчиликке талапкерлер жана алардын өкүлдөрү гана тартылаарын белгилейт. Иш жүзүндө бул сатып алуу менен күрөшүү жана жоопкерчиликке тартуу өтө көйгөйлүү болоорун түшүндүрөт, анткени партиялар жана талапкерлер, адатта, шайлоочулардын добушун сатып алуу менен жеке өздөрү алектенбестен, бул үчүн үчүнчү адамдарды (үйбашыларын, агитаторлорду ж.б.) колдонушат, ал эми көрсөтүлгөн үчүнчү адамдар жоопкерчиликтин субъектиси болуп саналбайт.

Бул жагдайга байланыштуу демилгечи КР КК 192-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана шайлоочулардын добушун сатып алуу менен алектенген ар бир адам үчүн, көрсөтүлгөн адам талапкер же агитатор экендигине карабастан, жоопкерчиликти аныктоону  сунуш кылат. Ошол эле учурда талапкер жана талапкердин өкүлдөрү болбогон адамдар үчүн демилгечи IV категориядагы айып түрүндөгү жоопкерчиликти бекитүүнү сунуш кылат, ал адамдар үчүн 1800дөн 2200гө чейинки эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Шайлоочулардын добушун сатып алуу менен алектенген талапкерлерге жана алардын өкүлдөрүнө карата демилгечи андан катуурак жазаны V категориядагы айып түрүндөгү жазаны бекитүүнү сунуш кылат, ал 2200дөн 2600гө чейинки эсептик көрсөткүчтү же I категорядагы эки жыл алты айга чейин эркинен ажыратууну түзөт.

Ошондой эле 2019-жылдын 1-январынан баштап КРсынын жаңы КПК күчүнө киргенин эскерте кетүү абзел, ага ылайык шайлоочуларды сатып алуу тууралуу иштер жеке-публикалык күнөөлөө категориясына киргизилген.

Административдик-процессуалдык кодекс

Кодексте демилгечилер тарабынан шайлоо процесстеринин катышуучуларынын бузуулары тууралуу сот органдарына арыз берүү мөөнөтүн 3 календарлык күнгө чейин узартуу сунуш кылынат, азыркы учурдагы редакцияда 2 күн каралган.

Мыйзам долбооруна тиркелген негиздемеге ылайык негиз болуп шайлоо процесстеринин жүрүшүндөгү бузуулар тууралуу даттанууларды кароо тартибин, шайлоо талаш-тартыштарын чечүү тартибин, шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын жана жарандардын шайлоо системасына ишенимин жогорулатууну жакшыртуу максаты болуп саналат, мыйзам долбоору менен төиөнкүлөр сунушталат: шайлоо процессинин субъектилеринин шайлоо укуктарынын бузулушуна, чечимдерге, шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине (аракетсиздигине) арыздарды (даттанууларды) берүүнүн конкреттүү мөөнөттөрүн белгилөө (гармонизация) – даттануунун үч күндүк мөөнөтү. (Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодекси. 201-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдерге жана (же) иш-аракеттерге (аракетсиздикке) даттануу).

2020-жылга пландаштырылган Парламенттик шайлоонун алдында мыйзам чыгаруучу демилге керек жана шайлоо мыйзам чыгаруусундагы нормаларды жакшыртуу жана шайлоо реформасынын максаттарына жетүү максатында кечиктирилбестен кабыл алууну талап кылат.

Мыйзам долбооруна шилтеме: http://www.kenesh.kg/ru/draftlaw/548136/show

Макаланын автору – Анара Сатылганова, методология жана мониторинг боюнча эксперт.

Маалымат булагы: http://www.kenesh.kg/ru/draftlaw/548136/show
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!