Жарандар “БАРДЫГЫНА КАРШЫ” үгүт ишин каржылай алышабы?

2019-жылдын апрель айында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору каралат.

Бул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине акыркы учурда келип түшкөн шайлоо укугу боюнча көптөгөн мыйзам долбоорлорунун бири. Сөз жүрүп жаткан мыйзам долбоорунун демилгечиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда Өкмөт жаңы ченемди киргизүүнү сунуштайт, анда шайлоонун жүрүшүндө жарандардын өздөрүнүн талапкерлердин (талапкерлер тизмесинин) “Бардыгына каршы” үгүт ишин жүргүзүү укугу каралган. Мында, үгүт өнөктүгүн өткөрүү үчүн жарандар талапкерлер, саясий партиялар менен тең шайлоо фонддорун түзүү укугуна ээ болот. Түзүлүүчү шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсебинен бардык талапкерлерге карата үгүт иштери каржыланат.

Ушул ченемди киргизүү зарылчылыгын демилгечи Конституциялык палатанын 2015-жылдын 27-ноябрындагы чечими менен негиздейт, анда палата бардык талапкерлерге (талапкерлердин тизмесине) каршы үгүт ишин жүргүзүүгө байланыштуу укуктук мамилелер өзүнчө укуктук жактан жөнгө салууну талап кыла тургандыгын көрсөткөн.

Эгерде муну жөнөкөй тилге которо турган болсок, анда бул колдонуудагы мыйзамда жарандардын үгүт ишин жүргүзүүгө укугун чектөө камтылбай тургандыгын түшүндүрөт, бирок мындай ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу тартибин белгилөө зарыл.

Конституциялык палата бардык жарандарга каршы багытталган шайлоо алдындагы үгүт ишине көңүл бурду жана ушуну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ушул маселедеги укуктук так эместикти четтетүү сунушу берилген.

Ушуну эске алуу менен Өкмөт тарабынан аталган мыйзам долбоору иштелип чыккан, ал жарандардын башка жеке адамдардын жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен толукталышы мүмкүн болгон өзүнүн шайлоо фонддорун түзүү укугун белгилейт. Демилгечи ошондой эле мындай шайлоо фонддоруна өз салымдарын кошуу укугуна ээ болбогон юридикалык жактардын жана жеке адамдардын так тизмесин (чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жашыруун кайрымдуулук кылгандар ж.б.у.с.) белгилөөнү сунуштайт. Мында, шайлоо фонддорунун бардык каражаттары бардык талапкерлерге, талапкерлердин тизмесине каршы үгүт ишин өткөрүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жөнгө салган колдонуудагы конституциялык мыйзам жеке адамдардын жана юридикалык жактардын тигил же башка категориялары киргизе ала турган каражаттардын чектүү өлчөмдөрүн белгилейт, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча ошондой эле саясий партия шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө сарпташы мүмкүн болгон акча каражаттарынын жогорку чеги белгиленген.

Бардык талапкерлерге (талапкерлердин тизмесине) каршы үгүт ишин каржылоого багытталган шайлоо фонддоруна карата суммалары боюнча да, жогорку чектери боюнча да мындай чектөөлөр демилгечи тарабынан сунушталбагандыгын белгилеп кетүү керек.

Мыйзам долбоорунун тексти менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот:

http://kenesh.kg/ru/draftlaw/470605/show

 

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!