Кыргызстандын электрондук добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?

2019-жылдын 12-мартынан тартып “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна коомдук талкуу болууда.

Аталган долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А. Масалиев жана Ж. Акаев демилгелеген жана добуш берүү жол-жобосунун тап-такыр жаңы өңүтүн сунуштоодо.

Демилгечилер өз мыйзам долбоорунда округдарды түзүү, талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү жол-жоболору бөлүгүндө жаңы ченемдерди сунуш кылышкан жок.

Демилгечилер сунуш кылган негизги, кардиналдуу жаңы киргизүүлөр – бул атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен электрондук добуш берүү: добуш берүү үчүн электрондук машина, шифрлөө ачкычтарын колдонуу менен активациялык сим-карталар, электрондук бюллетендер жана шайлоочулардын электрондук тизмеси.

Эгерде жөнөкөй сөз менен айта турган болсок, демилгечилердин ою боюнча добуш берүү күнү ар бир шайлоочу активациялык сим-картаны алат, анын жардамы менен добуш берүү үчүн электрондук машинада электрондук шайлоо бюллетени чыгат. Мына ошентип, көнүмүш болгон кагаз бюллетенде эмес, электрондук бюллетенде белги коюу сунушталат. Электрондук бюллетендердин өзүн талапкерлердин сүрөттөрү, саясий партиялардын логотиби жана талапкерлердин маалыматтары менен жасоо сунушталат. Шайлоочу электрондук бюллетенде бул же тигил талапкердин же саясий партиянын пайдасына белги койгондон кийин жана өзүнүн тандоосун тастыктагандан кийин, шайлоочунун добушун кагазда тастыктоочу чек басып чыгарылат.
Көрсөтүлгөн чекте (ШДТБ) шайлоочунун тандоосу көрсөтүлөт. Шайлоочу анын тандоосунун тууралыгын текшергенден кийин, чек автоматтык түрдө добуш берүү үчүн үкөккө жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн чектер кийин добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин добуштарды эсептөөгө текшерүү жүргүзүү үчүн колдонулат.

Алдын-ала маалыматтар боюнча электрондук добуш берүү үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга жана орнотууга биздин өлкөгө болжол менен 12 млн.евро жумшоо керек. Мындай сумма өткөн жылы болуп өткөн жабдууларды презентациялоодо айтылган, аны КР ЖКда профилдик компьютердик компания уюштурган.
Жабдуунун кымбат наркын эске алып, биздин өлкөдө мындай ресурстар барбы, азыркы этапта электрондук добуш берүүгө өтүүнүн зарылдыгы канчалык деген бир катар суроолор келип чыгат.

Электрондук добуш берүү киргизүүнүн зарылчылыгын негиздеп, демилгечилер жаңы техниканы ишке киргизүү техниканы бузуу жана добуш берүү процессин туруксуздаштыруу тобокелдигин азайтат. Бирок АЭТ колдонуу менен өткөн шайлоо цикли негизкиси добуш берүү жол-жобосунун жана шайлоочулардын добуштарын эсептөөнүн ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу менен проблеманы чечти.

Электрондук добуш берүүнү киргизүү шайлоочу саясий партияны тандоодон тышкары, партиялардын тизмесинин ичинен талапкерлерди тандаганда же ал тандаган партиядан талапкерлердин рейтингин коюу укугу берилген преференциалдык добуш берүү учурунда балким зарыл болмок. Мындай учурда кагаз бюллетендерин колдонуу проблемалуу болмок, анткени ал көлөмү боюнча абдан чоң болмок.

Бирок, сунушталган мыйзам долбоорунан, негиздеме-маалымкаттан жана салыштырмалуу табилицадан алганда преференциалдык добуш берүүнү киргизүү каралбаган жагдайды көңүлгө алсак, электрондук добуш берүү киргизүү боюнча демилгеси кеткен зарыл чыгымдар жана максаттар көз карашынан өзүн-өзү актабайт.
Мында дагы бир маанилүү учурду белгилеп кетели. АЭТ сатып алууга, ишке киргизүүгө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга биздин өлкө бир нече миллион евро чыгымдаган. Мындай кырдаалда биздин өлкө жаңы чыгымдарга даярбы жана мындай болгон учурда мурда сатып алынган АЭТны кайда жиберебиз деген суроо келип чыгат?

Мыйзам долбоорунун тексти менен шилтеме боюнча өтүп таанышса болот

http://kenesh.kg/ru/article/show/5092/kirgiz-respublikasinin-prezidentin-zhana-kirgiz-respublikasinin-zhogorku-keneshinin-deputattarin-shayloo-zhonundo-kirgiz-respublikasinin-konstitutsiyalik-miyzamina-ozgortuulordu-kirgizuu-tuuraluu-kirgiz-respublikasinin-miyzam-dolboorloru-2019-zhildin-12-martinan-tartip-koomduk-talkuuga-koyulat

Автор: Канышай Мамытова — «Жарандык платформа» КФ шайлоо укугу боюнча эксперти

Кыргызстандын электрондук добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?

Может ли Кыргызстан позволить себе электронное голосование?

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!