Кесиптик бирликтер жөнүндө жаңы мыйзам

2019-жылдын 12-апрелинде «Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууга коюлду. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери болуп КР Жогорку Кеңешинин депутаттары  Д.Толонов, Г. Асылбаева, М.Бакиров, Т.Масабиров болушту.

Авторлордун пикири боюнча мыйзамдын долбоору кызматкерлердин кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо, социалдык-эмгектик чыр-чатактарды алдын-алуу боюнча кесиптик уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Сунушталган документте негизги көңүл кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин статусун, иерархиясын жана ыйгарым укуктарын укуктук жактан аныктоого бурулат, ошондой эле  кесиптик бирликтин уставына милдеттүү талаптар (уюштуруучулук түзүм жана кесиптик бирликти түзүү тартиби, уюм-мүчө катары катышуу тартиби ж.б) бекитилип, кесиптик бирликтердин укуктары такталып, алардын милдеттери аныкталат.

Азыркы учурда Кыргызстанда кесиптик бирликтер кызматкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган дээрлик жалгыз укуктук институт болуп саналат. Кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн жеке, жамааттык социалдык-эмгектик, кесиптик, экономикалык жана башка укуктары менен кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо. Бирок иш жүзүндө эмне болуп жатат?

Албетте, кесиптик бирликтер качандыр-бир убакта СССРдеги көп сандуу коомдук уюм болгон. Жумушка алууда, кызматкерлер кесиптик бирликке кабыл алуу жөнүндө арыз толтурушкан жана бардык иштегендер автоматтык түрдө кесиптик бирликтин мүчөсү болуп калышкан. Иш жүзүндө мурда кесиптик бирликтердин иши эмгекчилердин жашоо-турмушунун социалдык-маданий деңгээлин жакшыртууга (эмгек шарттарын жакшыртуу, санаторийлерге жолдомо берүүгө,  турак-жай жана башка материалдык бакубаттык алууга кезекке туруу, маданий-массалык иш-чаралар ж.б) багытталган.

Бүгүн кырдаал өзгөргөн. Азыркы шарттар кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгүнүн иш жүзүндө корголбогондугун көрсөтүүдө. Бул жеке уюмдардын, ошондой эле  мамлекеттик уюмдардын кызматкерлерине да тиешелүү. Демек, кесиптик бирликтин ишинин багыты жумушсуздуктун деңгээлинин өсүшүн болтурбоого жана кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн иш менен камсыз болушун жогорулатуу жагына оошуусу керек.

Демилгечилер: Толонов Данияр Эрмекович, Асылбаева Гүлшат Кадыровна, Бакиров Мирлан Исакбекович, Масабиров Таалайбек Айтмаматович

Шилтеме: http://www.kenesh.kg/ru/article/show/5204/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-12-aprelya-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kr-o-professionalynih-soyuzah-kr

 

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!