Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр даярдалып, ал 2019-жылдын 22-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турат.

Азыркы учурда көпчүлүк өлкөлөрдө пенсиялык камсыз кылуу проблемаларына тыкыр көңүл бурулуп, ал калкты социалдык коргоо системасын негизги түзүүчүлөрдүн бири болуп саналат.

Топтолмо пенсия – бул система бөлүштүрүү системасына карама-каршы: анда пенсионерлерге башка адамдар төлөбөйт, ал иштеп жүргөн убакта өзү пенсияны топтойт, адам өмүр бою же анын иш берүүчүсү айлык маянадан чегерет, бул акча инвестицияланат жана киреше алып келет. Дал ошого адам пенсияга чыккандан кийин жашайт.

Ишмердиктин туруктуулугу, айкындуулугу жана катышуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн акционердик коомдордун уюштуруу-укуктук формасында топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү сунушу негизги жаңычылдык болуп саналат.

Бул лицензияларды кайра тариздөө зарылчылыгына алып келет, анткени топтолмо пенсиялык фонддорду коммерциялык эмес уюмдан акционердик коомго кайра уюштуруу      жүрөт.

Мындан тышкары мыйзам долбоору менен топтолмо пенсиялык фонддордун түрлөрүн киргизүү сунушталат:

  • ачык – каалаган адам катышуучу боло алат;
  • корпоративдик – бул топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучулары жана акционерлери болуп саналган бир же бир нече юридикалык жактардын кызматкерлери үчүн;
  • кесиптик – уюштуруучу (уюштуруучулар) юридикалык жактар – иш берүүчүлөр, жеке адамдардын бирикмелери, анын ичинде кесиптик бирликтер болушу мүмкүн. Катышуучулар бир кесип же иштин бир түрү (ишмердик кылуу) менен байланышкан адамдар болушу мүмкүн .

Жалпысынан мыйзамдын долбоору топтолмо пенсиялык фонддорду өнүктүрүүгө багытталган.

Шилтеме: http://kenesh.kg/ru/draftlaw/508065/show

 

 

Маалымат булагы: http://kenesh.kg/ru/draftlaw/511958/show
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!