Балдарды алардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан коргоо

Биз маалыматтар доорунда жашап жатабыз, ал ар бирибизге, өзгөчө балдарга жана өспүрүмдөргө белгилүү-бир таасир этүүчү күчкө ээ. Ал же сапаттуу, же психикалык да, дене бойго да зыян алып келиши мүмкүн. Ата-энелердин жана мугалимдердин көпчүлүк учурда балдарын алар үчүн терс жана зыяндуу маалыматтан коргоп калуу мүмкүнчүлүгү жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жапырт жеткиликтүү булактарында мыкаачылык жана зомбулук көрүнүштөрүнүн ашкере көп болушу балдарда дүйнөнүн бурмаланган сүрөттөлүшүн калыптандырышы мүмкүн.

2019-жылдын 22-февралында “Балдарды алардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан коргоо жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамы коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты   ГульшатАсылбаева демилге кылган.

Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору 2010-жылдагы Россия Федерациясынын ушуга окшош мыйзамын эске салат.

Мурда 2012-жылы мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу: Никитенко Н.В., Мамытов Т.Б., Сасыкбаева А.А., Мамырова Б.А., Балтабаев Т.Б., Исаков И.И., Калматов А.Б., Карамушкина И.Ю. тарабынан демилге кылынган, бул анда Кыргызстандын жарандарынын, өзгөчө интернет-чөйрөдө чоң резонанс жараткан. Жыйынтыгында кабыл алынган эмес.

Бирок, ошол эле редакциядагы бул мыйзам долбоору кайрадан коомдук талкууга чыгарылган. Маалыматтык технологиялардын динамикалуу өнүгүүсү жана аларды пайдаланууга балдардын тартылуусунун өсүшү менен мындай мыйзамды кабыл алуунун актуалдуулугу күмөн жаратпайт.

Мыйзам долбоору балдар жана өспүрүмдөр үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү  түзүүгө багытталган. Анда балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрү аныкталат. Маалыматтык продукцияны экспертизалоого карата талаптар белгиленет.

Жалпысынан, сунушталган мыйзам долбоору, өзгөчө анын айрым: “балдарды аракеттерди жасоого түртүүчү …”, «балдарда………. каалоосун чакырган», ошондой эле  “зыян келтирүүчү маалыматтын” деген түшүндүрмөлөрүнүн түрлөрү боюнча жана анын таркалышын идентификациялоо үчүн так критерийлер жок болуп, чектелүү болгондуктан көп суроо жаратат. Бул фактор укук колдонууну татаалдантат жана коррупциялык чөйрөнү түзүүгө алып келиши мүмкүн.

Бул чөйрөдө саясатты ишке ашыруу милдети жүктөлгөн аныкталбаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө маселе да кыйла маанилүү болуп саналат.

Мыйзам долбоорунун айрым ченемдери  “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиги жана эркиндиги жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” ж.б. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылган ченемдерди кайталайт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору ишке ашыруунун түшүнүктүү механизмин камтыбайт.

Маалымат иретинде: Талкууга алынган мыйзам долбоорунун толук версиясына шилтеме http://kenesh.kg/ru/article/show/4996/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-24-fevralya-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-zashtite-detey-ot-informatsii-prichinyayushtey-vred-ih-zdorovyyu-ili-razvitiyu

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!