Ата-Журт Кыргызстан саясий партиясынын программасы

Ата Журтубуз Кыргызстан — туруктуу өнүгүү жолунда

 “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын ПРОГРАММАСЫ

Урматтуу кыргызстандыктар!

Алдыбызда дагы бир тагдыр чечер окуя турат, бул — келе жаткан парламенттик шайлоо. Аны кандай өткөзөбүз, дал ушундан мамлекеттин келечеги көз каранды. Буга чейинки шайлоолор кандай өтүп келгенин бардыгыбыз билебиз. Бирок, бул ирет жаңылыштык кетирүүгө акыбыз жок. Мамлекет ансыз деле оор экономикалык кризисте. Өлкөнү бул саздан сууруп чыгуу үчүн чыныгы кесипкөй адистер келиши керек. Мына ошондой команда бүгүн “Ата-Журт Кыргызстан” партиясында чогулду. Таза, жаш, булганбаган, мамлекеттин байлыгын талап-тонобогон, келечекти көрө билген талапкерлер менен баратабыз! Биздин катарда арам оокат кылып байыган коррупционерлер жок экендигин ишенимдүү айта алабыз!

Кыргызстан гүлдөп өнүккөн өлкө болууга бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ:

— Биз Борбор Азиянын чок ортосунда, соода жолдорунун кесилишинде жашайбыз, жаратылышы кооз жана тунук дарыялары менен түшүмдүү жерибиз бар;

— Биз чечкиндүү жана демилгелүүбүз;

— Биз жаңы билимдерге ачыкпыз;

Жараткан колдоп, элибиз сүрөп, көпчүлүк добуш менен Жогорку Кеңешке келе турган болсок, биздин бардык күч-аракетибиз өлкөбүздү туруктуу өнүгүү жолуна түшүрүүгө жумшалат. Анүчүн төмөнкү жети багыт боюнча чечкиндүү иш-аракеттер башталат!

Биринчи, мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылуу:

— мамлекетибизде демократиялык институттарды өнүктүрүү менен бирге, алардын элдин кызыкчылыгы, өлкөбүздүн туруктуулугу үчүн жоопкерчилигин арттырабыз;

— өкмөттүк эмес уюмдардын эркин өсүп-өнүгүүсүнө шарттарды түзүү менен, алардын коом адындагы жоопкерчилигин жогорулатабыз;

— Жеке жарандар жана бизнес чөйрөсүн коргоо, ошондой эле кылмыштуулукту азайтуу багытында укук коргоо органдарынын ишин натыйжалуу нукка сала турган мыйзам долбоорлор иштелип чыгат.

Өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн дагы бир шарты – коррупция менен күрөшүү. Бул жааттагы маселелер:

— Көз карандысыз адистештирилген текшерүү механизмин, электрондук декларация системасын киргизүү, кызмат адамдарынын жана алардын жакын туугандарынын мүлктөрү жөнүндө маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

— Кландык, тууганчылык жана жердешчилик башкарууну жоюу үчүн “Тууганчылык байланыштарды ачыктоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу.

— Коррупциялык укук бузуулар үчүн люстрацияланган жана жоопко тартылган кызмат адамдары жөнүндө ачык маалымат базасын түзүү.

Экинчи багыт – экономикалык чөйрөдөгү маселелер:

— Түз салыктардын пайдасына кыйыр салыктарды азайтуу;

— Чакан, орто жана ири бизнести өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алууга жетишүү;

— Бажы жана салык кызматтарынын кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү;

— Керексиз процедураларды, чектөөлөрдү, күбөлүктөрдү, уруксат кагаздарын, лицензияларды ж.б. жокко чыгаруу;

— Көзөмөлдөөчү органдардын ашыкча контролдук функцияларын жоюу;

— Ишкерлердин Салык кызматына гана отчет берүүсү;

— Инвестор тарабынан бир жерден бардык керектүү документтерди жана уруксат кагаздарын алуу;

— Ишкердик кодексин кабыл алуу.

Бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү:

— Кыргызстанда дүйнөдөгү эң эркин жана ачык виза режимин киргизүү;

— Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу. Электр энергиясынын экономикалык жактан пайдалуу тарифтерин ишке ашыруу;

— Электр энергиясын сатууда монополияны жоюу;

— Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу;

— Айыл чарбасында эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына алып келген технологияларды субсидиялоо;

— Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү;

— Жогорку технологиялар паркын кеңейтип, эң ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.

Үчүнчү багыт – Ата Журтубуздун ынтымагы

Биз кандай гана позитивдүү идеялар, концепциялар, программалар жана пландар болбосун, коомдо ынтымак жок болсо, алар ишке ашпай калышын билебиз.

Кыргызстан көп улуттуу мамлекет болгондон кийин, бардык жарандарыбыз өздөрүнүн улутуна карабастан, бир үй-бүлөнүн балдарындай ынтымакта жашоого милдеттүүбүз.

Кыргызстандагы бардык улуттун өкүлдөрүн ынтымак-ырашкерликке чакыруу менен, конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгып, ырааттуу иш алып барабыз.

Төртүнчү багыт – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө

Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу өтө маанилүү. Бул багыттагы маселелер:

— Мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жана кыскартуу үчүн ар бир министрликтин жана ведомствонун түзүмүн жана сандык курамын кайра карап чыгуу;

— Талапкерлердин кесиптик жана кадыр-баркына болгон талаптарды күчөтүү;

— Мамлекеттик кызматкерлерди конкурстук тандап алуунун тартибин жана жол-жоболорун максималдуу обьективдүүлүктү жана ачыктыкты камсыз кылуу багытында өзгөртүү;

— Мамлекеттик аппаратты кыскартуу;

— Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорун санариптештирүүнү тездетүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууда:

— Демократиянын тикелей формаларын — жергиликтүү курултайларды, жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өнүктүрүүгө түрткү берүү;

— Бөлүштүрүлгөн салыктардын үлүшүн жергиликтүү бюджеттердин пайдасына көбөйтүү;

— «Электрондук айыл өкмөтү» тутумун кеңири жайылтуу;

Бешинчи багыт – Улуттук маданиятты жана баалуулуктарды өркүндөтүү

Жогорку моралдык жүрүм-турум эрежелерин, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо – бул мамлекеттик саясат.

Алтынчы багыт – Ата Журтубуздун келечеги

Келечектеги муундарыбызга заманбап билим берүүгө, алардын эркин жана чың ден-соолукта өсүшүн камсыз кылууга, татыктуу кесипке жана жашоо шартына ээ болуусуна мамлекеттик кепилдиктерди бекитүүгө конкреттүү мыйзамдык жана практикалык аракеттерди жасайбыз.

Билим берүүдө:

— Квалификациясынын өсүшүшүнө жараша материалдык стимул берүү менен мугалимдердин кесиптик жана карьералык өсүшүнүн натыйжалуу моделин ишке ашыруу;

— Өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринин рейтингин киргизүү;

Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө:

— Администрациялык штатты кыскартуу жана медициналык мекемелердин функционалдык көз карандысыздыгын камсыз кылуу;

— Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде саламаттыкты сактоого инвестицияларды тартуу;

— Эпидемияга даярдыкты күчөтүү;

— Медициналык туризмди жайылтуу жана колдоо.

Экология чөйрөсүндө:

— Курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик институттарды бекемдөө;

— Мөңгүлөрдү бузган иштерге тыюу салуу;

— Сууну үнөмдөөчү инновациялык сугаруу технологияларын киргизүү;

— Экологиялык таза коомдук транспорттун өнүгүшү;

— Электр энергиясын өндүрүү жана жылытуу үчүн көмүрдү пайдаланууну басаңдатып, коопсуз булактарга өткөрүү;

Жетинчи багыт – Саясий жана илимий-техникалык интеграция

Бүгүнкү бүткүл дүйнөлүк глобализация шартында Кыргызстан эгемендүү, улуттук жана демократиялык мамлекет катары башка өлкөлөр менен саясий жана илимий-техникалык интеграция жолунда өнүгөт деп билебиз.

Ошондуктан жакынкы коңшу жана алыскы мамлекеттер менен; саясий жана экономикалык өнөктөш өлкөлөр менен; Евразиялык Экономикалык Биримдик, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму, Бириккен Улуттар Уюму жана башка Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдар менен саясий жана илимий-техникалык интеграцияны мындан ары да чыңоо өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүн тааныйбыз.

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы  — Кесипкөй команда — өнүгүүгө кеткен жол!

Тарых бүгүндөн башталат. “Ата-Журт – Кыргызстан” партиясынын жеңиши — Кыргызстандын жеңиши!

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!