Ишеним саясий партиясынын программасы

Мазмуну

 

— Киришүү

— Саясий багыты

— Экономика жана инвестиция багыты

— Социалдык коргоо багыты

— Коргоо, коопсуздук, чек ара жана укуктук тартип багыты

— Саламаттыкты сактоо багыты

— Билим берүү,  илим жана маданият багыты

— Экология багыты

— Тышкы байланыштар багыты

 

Биздин максаттар

Биздин негизги максат – Мекенибиз Кыргызстанды Евразия континентинин борборундагы өнүккөн заманбап бакубат экономикага ээ болгон адилеттүү мамлекетке айландыруу. Учурда биздин заманыбыз — эски жана жаңы ааламдардын кагылышуу дооруна туш келди. Дүйнө барган сайын татаалдашууда. Ал эми жаңы талаптар жаңы жоопторду талап кылат. Бүгүнкү күндө коом артка кайткыс деградацияга түшөбү же сапаттуу жаңы деңгээлге чыгабы деген көйгөй турат. Бул биздин мындан аркы болгон чечкиндүү кадамдарыбызга, жаңыча жашоого болгон умтулуубузга көз каранды.          Жаңы технологиялар адамдарга тез арада бириге калуу, коомдук көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө, оюн эркин билдирүү менен ар кандай талкууларды уюштуруу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады. Бүгүн биз барган сайын көйгөйлөрдү чогуу чечүү жана жалпы кызыкчылыктарды, баалуулуктарды коргоо үчүн ыктыярдуу түрдө жамааттарга биригип жатабыз. Анын негизинде биз балдарга жакшы билим берүү, ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү, жергиликтүү инфратүзүмдү калыптандырып, жол куруу, зыяндуу ишканаларды жабуу сыяктуу иштерди талап кылып келебиз. Мына ушул коомдук күчтөргө таянуу менен гана биз фазалык тоскоолдукту ийгиликтүү жеңе алабыз. Ал эми начар иштеген башкаруу моделдерин катаал иерархияга жана басууга эмес, жалпы кызыкчылыкка, горизонталдуу байланыштарга жана ачыктыкка негизделген жаңыларына алмаштыра алабыз. Бул моделдер бүгүнкү күндө оң жакка өзгөрүүлөрдүн негизги булагы.                               Жарандык активдүү позиция гана бизди максаттарга жеткирет. Коомубузда эң коркунучтуу оору бул – коррупция. Коррупция мамлекетибизди ичинен талкалайт. Коррупциянын болушуна биринчи кезекте коррупцияланган аң-сезим, адам факторун кеңейткен мыйзамдар жана уюшулган коррупциялык схемалар шарт түзөт. Биздин партия коррупциянын себептери менен күрөшүүнү биринчи орунга коёт.

«Ишеним» партиясы коомчулуктун кызыкчылыгын коргоочу катары аларга чыныгы саясий өкүлчүлүктү камсыз кылып бере алат. Биз өнүгүүнүн жаңы, жогорку деңгээлине ийгиликтүү өтөбүз деп ишенебиз.

Саясий багыты

Саясатта саясий ар түрдүүлүккө жетүү, бардык деңгээлде тандоо жана атаандаштыкты киргизүү; коомчулукту бийлик менен диалог түзүүнүн толук кандуу катышуучуларына айландыруу. Өсүп келе жаткан өлкөнүн, элдин,
коомдун, жарандардын саясий кызыкчылыктарын коргоого багытталган мамлекет жана коомдун иш-чараларынын системасын түзүү.

Саясий коопсуздукту камсыздоо үчүн заманбап билимдүү, мамлекетчил кадрларды мамлекет башкарууга тартуу эң негизги маселе болуп саналат.

Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхындагы саясий айдыңда интеллектуалдык деңгээли жогору кадрлардын саясатка келиши жылдан-жылга азайып, өлкөбүздүн башкаруу системасы кризиске учурап жатат. Партиябыздын дагы бир негизги багыттарынын бири жөндөмү бийик, эл арасында кадыр-баркы бар, маселелерди чечүүнүн жолун мыкты өздөштүргөн ар кандай кесип ээлерин саясий аренага алып чыгуу жана даярдоо. Бул ар бир жарандын кандайдыр бир кызматка шайлануу үчүн формалдуу эмес, чыныгы укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу менен, саясий атаандаштыкка жөндөмдүүлөрүнүн гана келишине кепилдик берет.

Коомдук аң-сезимди жаңы нукка буруу. Партияны тандоодо анын лидерине карап эмес, өлкөнү өнүктүрүү программасына жана партиянын курамындагы интеллектуалдык дарамети бийик партиянын мүчөлөрүнө добуш берүү аркылуу ишеним көрсөтүү.

Биз жаңы коомдук күчтөрдү чыныгы саясий оюнчуларга айландырабыз, адамдар бийлик менен диалогго жана чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк кылуу үчүн ачык атаандаштыкка катышуусу үчүн мыйзамдык базаны өзгөртөбүз.

Экономика жана инвестиция багыты

Жогорку жана туруктуу экономикалык көрсөткүчтөрдү камсыздоо максатында экономиканын абалын иликтөөнү ишке ашыруу. Экономикалык муктаждыктарды натыйжалуу канааттандыруу, мамлекет тарабынан улуттук ресурстардын кыймылын жана колдонуусун көзөмөлдөө. Өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын улуттук жана эл аралык деңгээлде коргоону камсыздоо. Бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү, ата мекендик өндүрүштү колдоо.

Транспорт экономикада, социалдык инфратүзүмдө негизги орунда турат. Транспорттук коллапс экономикага, социалдык чөйрөгө түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыргызстан географиялык жайгашкан жерине ылайык тогуз жолдун тоому болууга тийиш. Транзиттин негизинде эле өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугун алда канча жогорулатса болот.

                   Энергетика — экономиканын, турмуш-тиричиликтин, жашоонун өзөгү. Кыргызстан гидро энергетика боюнча дүйнөдө эң алдыңкы мамлекеттердин тизмесине кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары альтернативдүү энергия булактарын колдонууну колго алуу керек. Жылуулук энергиясын үнөмдөө, заманбап энергияны үнөмдөөчү турак-жайларды курууну уюштуруу мезгилдин талабы.

Элдин кирешесин жогорулатуу — биздин экономикалык программабыздын башкы идеясы. Кыргызстандын кайсы гана аймагында болбосун, жалданып иштөө же жеке бизнеси үчүн татыктуу киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Биз буга салык системасын кайра чогултуу, инновацияларды колдоо, бизнеске административдик жана күч менен басым жасоону азайтуу аркылуу жетишүүнү пландап жатабыз. Мунун баары өлкөгө тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү, күчтүү жеке компаниялардын негизинде өзүнүн туруктуу экономикасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Салыктык жеңилдиктерди киргизүү, мамлекеттик инвестицияларды тартипке келтирүү, жеке инвестицияларды өнүктүрүү, өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган преференциялар системасын түзүү зарыл. Бош турган жерлерди жүгүртүүгө киргизүү. Аларды бизнес жана турак жай курулушуна тартуу.

Социалдык коргоо багыты

Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалдарда калган, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, үй-бүлөлөр, кары-картаңдар социалдык коргоого, колдоого муктаж. Алардын жашоо тиричилиги үчүн шарттарды түзүү, ай сайын берилүүчү жөлөк пулдарын көбөйтүү, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, социалдык коргоо чараларын, механизмдерин өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук базаны кайрадан карап чыгуу зарыл.

Социалдык чөйрөдөгү өлкөбүздүн кызыкчылыктарын коргоого багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу. Социалдык түзүлүштү жана коомдогу мамилени, адамдардын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууну жана инсандын коомдошуу процессин өнүктүрүү жана натыйжалуу жолго коюу. Турак-жай маселесин шаар куруу программасынын алкагында ишке ашыруу.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз учурда республиканын булуң-бурчунда чакан бизнес менен алектенип жатканы баарыбызга маалым. Бирок мамлекет тарабынан финансылык колдоо толук кандуу болбой жатканы ачык-                      айкын белгилүү. «Ишеним» саясий партиясы мындай жарандарыбыздын бизнесин төмөндөтүлгөн пайыз менен камсыздоо чараларын көрөт.

Коргоо, коопсуздук, чек ара жана укуктук тартип багыты

Биздин партия коопсуздуктун бардык түрлөрүн камсыздоону мезгилдин талабына ылайык заманбап технологиялар жана ыкмалар менен ишке ашырууну көздөйт. Кыргыз Республикасы социалдык адилеттүүлүкө негизделген укуктук мамлекет болууга тийиш. Мамлекет ар бир жарандын укуктарынын корголушуна, социалдык жактан корголушуна кепил болот.

Кыргыз Республикасына өлкөнү тышкы баскынчылыктан коргоого даяр күчтүү армия керек. Аскер кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээлин жана аскердик кызматтын шарттарын, кадыр-баркын жогорулатуу зарыл. Жакынкы келечектин армиясы — татаал техниканы атууну жана башкарууну гана эмес формачан дипломаттар болушу керек, анын ичинде чек ара маселесиндеги чыр-чатактарды акылдын күчү менен чечкен, баарлашуу жөндөмүнө ээ, чет тилдерди, маданиятты жана ар кандай элдердин салттарын дагы билүүгө тийиш. Бул милдет аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатмайынча мүмкүн эмес. Армия адамдарга ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берген, өздөрүнүн катарына эң мыкты акылдарды тартууга жөндөмдүү жана инновациялык экономиканын локомотивине айланган заманбап институтка айланышы керек.

Ошондой эле мамлекет өзүнүн негизги милдеттери болгон коопсуздук менен сот адилеттүүлүгүн камсыздоосу зарыл. Сот адилеттүүлүгү орнобосо мамлекетибиз адилеттүү мамлекет боло албайт, инвестициялык климат оңолбойт, эл аралык кадыр-баркыбыз өспөйт. Соттордун ишмердүүлүгүнө жарандык көзөмөлдү күчөтүү керек. Сот бийлиги эркин болууга тийиш.

 Саламаттыкты сактоо багыты

Саламаттыкты сактоодо — фармацевтикалык корпорациялардын кызыкчылыктарын тейлеген медицинадан, адамдарга азыраак оорууга мүмкүнчүлүк берген чыныгы саламаттык сактоого өтүү керек. Медицинанын негизги милдети оорулууларды айыктыруу. Ал эми саламаттыкты сактоонун максаты – оорулуулардын алдын алуу. Азыркы система биринчи кезекте дарылоо менен алектенет. Ооруларды алдын алуу ал адам жашоосунун бардык                   тармактары менен тыгыз байланышта. Дээрлик бардыгы (экология, билим берүү, маданият, тамак-аш, транспорт, архитектура жана башкалар) адамдын ден соолугуна таасир этет. Эгерде биз учурдагы өнөкөт оорулардын негизги себептерин алсак көпчүлүк учурларда алар жашоо образы менен байланышкан. Кыймылдын жетишсиздиги, ашыкча салмак, аба менен суунун булганышы, туура эмес тамактануу. Биз медицинанын көңүлүн адамдардын жашоо образын жана сапатын жакшыртуу аркылуу ооруларды дарылоого караганда оорунун алдын алуу менен ден соолугун сактоого багыттайбыз. Ага ылайык балдарды дени сак тамак менен камсыз кылуу, мектептерде жана бала бакчаларда балдардын дени сак жана коопсуз тамактануусуна кепилдик берүү боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу зарыл. Азык-түлүк базарына катуу көзөмөл киргизилип, тамак-аш азыктары зыяндуу заттарды камтыбашы керек.

Кызмат көрсөтүүнүн сапатын, медицина кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу, медицина кызматкерлерин кызматтык турак жай менен камсыз кылуу зарыл. Медицина кызматкерлерин кызматтык турак жай менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программа 10 жыл иштегенден кийин жеңилдетилген шартта менчиктештирилиши керек. Отчеттуулуктун көлөмүн азайтып, кооз отчетторду жазуудан арылыш керек.

Фармацевтикалык баш-аламандыкты жоюу, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалпы коомчулукту сергек жашоого, спорт менен машыгууга үгүт иштерин уюштуруу жана жандандыруу. Массалык спорт, дене тарбиянын өнүгүшүнө шарттарды түзүү.

Ошондой эле, өлкөбүздөгү дары чөптөрдү илимий изилдөө аркылуу дары-дармектерди чыгаруучу завод-фабрикаларды ачуу. Дартты аныктоо маселеси көйгөйлүү маселе боюнча калууда. Аларды жоюу максатында адистердин билимин өркүндөтүү жана акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен медициналык уюмдарды камсыздоо.

Дистанциялык медицинаны өнүктүрүү. Медициналык мекеме-уюмдарды оптималдаштыруу менен бирге калкты тейлөөнү уюштуруу (бирдиктүү терезе).

Билим берүү, илим жана маданият багыты

Билим берүү жана илимде — бардык программаларды заманбап дүйнөнүн талаптарына ылайыкташтыруу, ишкерликке, санариптик байланыш көндүмдөргө үйрөтүү жана заманбап медиананы өнүктүрүү.

                    Билим берүүнүн сапаты бүгүнкү күндө өлкөнүн көптөгөн тармактарда артта калышына себеп болууда. Дүйнөлүк стандарттардын деңгээлинде иштөөгө даяр квалификациялуу адистердин ордуна биз формалдуу диплому бар адамдарды чыгарабыз. Биз окутуунун жана изилдөөнүн кадыр-баркын калыбына келтирүүнү көздөп жатабыз. Мугалимдерге татыктуу эмгек акы берүү жана мугалимдерди нормадан ашык иштөөгө жана окутуудан башка иштер менен алек болууга мажбурлоого тыюу салуу, мугалимдерди чыгармачылык көз карандысыздыкка кайтаруу жана бюрократиялык түзүлүштөрдү жоюу керек.

Мектептерде, колледждер жана университеттерде социалдык маанилүү же фундаменталдуу академиялык проблемаларды чечүүгө, практикалык билимдерди алууга, көз карандысыздыкты өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн стандарттык эмес ой жүгүртүүнү өнүктүрүүчү программаларга артыкчылык берүү.

Билим берүү менен бирге мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, жалпы билим берүү жана жогорку, орто, кесиптик окуу жайларында улуттук каада-салтты, маданиятты камтыган тарбиялык сааттарды киргизүү.

Учурда республиканын аймагындагы маданият үйлөрү, клубдар жана китепканалар начар абалга туш болгону баарыбызга белгилүү. Аларды калыбына келтирүү менен бирге маданият кызматкерлеринин гастролдук иш-чараларын уюштуруу менен калктын маданиятын өстүрүү. Электрондук китепканаларды уюштуруу.

Экология багыты

Айлана-чөйрөнү коргоо үчүн акыркы экологиялык технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу. Курчап турган айлана-чөйрөнү адамдын ишмердүүлүгүнүн терс таасиринен коргоо. Экологиянын абалына баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана башкаруу. Азыркы шарттарда экологиялык маселелерди чечүү жана алдын алуу дүйнөдө эң маанилүү иш-аракеттерден болуп саналат. Кыргызстанда тоо-кен иштетүү тармагын заманбап технологиялар менен камсыздоо учурдун талабы. Эгер бул талап ишке ашпаса тоо-кенди иштетүүнү токтотуу зарыл. Антпесе келечек муундарга чоң кедергисин тийгизет. Коомубузда экологиялык аң-сезимди өнүктүрүүнү жана тарбиялоону камсыз кылуу зарыл.

                   Кыргызстанда экологиялык абал начарлап кетти. Борбор шаарларыбызды түтүн каптап, адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Таштандыларды тазалоо жана таштандыларды кайра иштетүү шаар куруу саясатынын бир бөлүгү. Ал эми жаңы конуштарды ачык талаа, суусуз чөлдөрдөн, жашыл парктарга жана бакчаларга айландыруу үчүн реформалоо жүргүзүү мезгили келди.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, Кыргызстандын дыйканчылык зоналары күндөн-күнгө начарлап, анын негизинде бак-дарактар ооруга туш болуп, жакынкы жылдарда экологиялык кризиске келери айтпаса да түшүнүктүү. Биздин партиянын бул кризистен чыгуу үчүн атайын долбоору иштелип чыккан. Башкача айтканда, топурактын негизги катмарын, токойлорду дарылоо боюнча дүйнөлүк масштабдагы эколог илимпоздор менен байланыш түзүлгөн.

Биз экологиялык комплекстүү программаны сунуштайбыз, ага шаар куруу саясаты, таза аба, жашылдандыруу, суу сактагычтар, турак-жай куруу, туризм жана токойлордогу өрттүн алдын алуу жана коргоо кирет.

Тышкы байланыштар багыты

Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келбеши керек жана экономикалык жактан өлкөнүн ички керектөөлөрү үчүн пайдалуу болушу керек. Ал үчүн өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык байланыштарды өркүндөтүү, бизнес-коомчулугун эл аралык деңгээлде колдоо зарыл. Тышкы саясатты жүргүзүүдө ата мекендик товарларды эл аралык рынокторго алып чыгууга, Кыргызстанга ири инвестицияларды тартууга, туризмди өнүктүрүүгө, чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоого басым жасалууга тийиш. Чек ара маселесин юридикалык жактан тактоо, өнүккөн өлкөлөргө каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелерин көтөрүү учурдун талабы.

Биздин Кыргызстан — биздин Ыйык Мекен! Сиз көрсөткөн ишеним менен гана жаркын келечекти бирге кура алабыз! 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!