Ынтымак саясий партиясынын программасы

«Ынтымак» манифести

Шайлоочуга:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Дүйнө ыкчам өзгөрүп жатканына баарыбыз күбөбүз. Ал улам татаалдашып, экономиканын да, коомдук саясий түзүлүштөрдүн да адаттагы моделдеринин бекемдигин сыноодон өткөрүүдө. Көпчүлүк өлкөлөр салттуу саясий системага ишеним кризисин баштан кечирип жатышат. Мындан улам жарандарда көңүл коштук жаралып, өлкөнүн саясий турмушуна катышкысы, добуш берүүгө баргысы келбей калды, анткени алар берген добушу өлкөнү жакшы жакка өзгөртө алаарына ишенбей калган. Кыргызстан да учурда ушундай татаал мезгилди баштан өткөрүүдө. Биз өз жолубузду издеп жатабыз, демократиянын жана саясий маданияттын жаңы, аралаш моделдерин сынап көрүүдөбүз.

«Ынтымак» партиясы мындан ары да демократиялык укуктар жана эркиндиктер, саясий теңчилик жана мүмкүнчүлүктөрдүн теңчилиги үчүн күрөшөт.

 Биздин «Ынтымак» манифестибиз биздин ким экенибиз, биздин ой-тилегибиз, кандай баалуулуктарды карманып, кандай принциптерди жетекчиликке алаарыбыз жөнүндө түшүнүк бере алат деп үмүттөнөбүз.

Сиздин  «Ынтымак» командаңыз

Элим үчүн! ЫНТЫМАК үчүн!

Саясий ЫНТЫМАК

 

  • Чек ара аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жергиликтүү жамааттарды тартуу керек. Жергиликтүү бийлик органдарынын алдында коомдук кеңештер түзүлүшү зарыл.
  • Биз чек ара жана чек аралаш аймактардагы көйгөйлөргө мамлекет тарабынан комплекстүү мамиле жасалышы керек деп эсептебиз.
  • Биз Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасынын жана чек арачылардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык-турмуштук шарттарынын жакшыртууну: айлык акыларды жогорулатууну, жеңилдетилген ипотекалык насыя, кызматтык турак жайларды берүүнү колдойбуз.
  • Биз бийликти бөлүштүрүүнү колдойбуз! Аймактардагы чиновниктердин басымдуу бөлүгү ыкшоо. Алар борбордон буйрук күтүп, демилге көтөрүшпөйт, жоопкерчиликтен оолактап турушат. Жер-жердеги жетекчилердин ыйгарым укуктарын кеңейтип, алардын иш натыйжасын баалоонун жаңы механизмдерин киргизүү зарыл.
  • Биз аймактык маанидеги негизги маселелер боюнча санариптик чечимдердин жардамы менен жер-жерлерде реформаларды жүргүзүүнү колдойбуз!
  • Биз чоң турмушка аттана турган ар бир кыргызстандыкка баштапкы капитал төлөп берүү зарыл деп эсептейбиз! Мамлекет ар бир жаран 18 жашка чыкканда 50 миң сом бөлүп берүүгө тийиш. Бул акча жеке өнүгүүгө – билим алууга, курстарга барууга, спорт менен машыгууга, маданий жактан калыптанууга жана башкаларга жумшалышы керек.

 

Экономикалык ЫНТЫМАК

  • Биз тоо-кен өндүрүш тармагын комплекстүү өнүктүрүү каралган «Ынтымак» программасын сунуштайбыз. Анда жергиликтүү жамааттардын пикирлери, экологиялык тобокелдиктер эске алынып, инвесторлор үчүн социалдык лицензия милдеттүү түрдө киргизүү каралган.
  • Биз туризм тармагын өнүктүрүү программасын колдоого алабыз! Кыргызстанда туризмдин бардык түрүн өнүктүрүүгө шарттар бар. Туризм тармагы өлкөнүн бүткүл аймактарынын экономикасынын кыймылдаткычына айланышы керек.
  • Биз эл керектөөчү товарларды өндүргөн атамекендик өндүрүшчүлөргө мамлекеттик колдоо болушу керек деп эсептейбиз! Башкалардын экономикасын «багууну» токтотуп, каржыны өзүбүздүн экономикага сала турган мезгил келди!
  • Биз Экспорт боюнча агенттикти түзүүнү колдобуз. Анын милдети – кыргыз товарларын дүйнөлүк рынокко жайылтуу, дүйнөлүк стандарттарды эске алуу менен маркетинг жүргүзүү, стандартизациялоо жана техникалык регламенттер боюнча кеп-кеңеш берүү, тобокелдиктерди башкаруу (камсыздандыруу), жеңилдетилген насыяларды берүү жана экспорттук операцияларды субсидиялоо.
  • Инвестициялык кодекс кабыл алынууга тийиш. Инвесторлор оюндун эрежелерин түшүнүп, мамлекеттин коргоосунда болушу керек.
  • Биз Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү Элчилери өз өлкөсүнө инвестицияларды тартууга милдеттүү деп эсептейбиз! Алардын ишмердүүлүгү тартылган инвестициялардын саны жана сапаты менен бааланышы керек.
  • Биз уставдык капиталды жоюуну колдойбуз.
  • Биз көзөмөлдөөчү органдардын кыскаруусун колдойбуз.
  • Биз үч салыктын ордуна бир гана салыктын киргизилишин колдойбуз.
  • Биз юридикалык жактар (КР резиденттери) жана КР жарандарынын Кыргызстандан тышкары жактагы ишмердүүлүгүнөн ала турган дивиденддерге салык салынууга тийиш эмес деп эсептейбиз.
  • Биз салыктык талаш-тартыштар бейтарап сотто гана каралышы керек деп эсептейбиз.
  • Биз салыктык милдеттенмелер боюнча эскирген доонун мөөнөтүн 6 жылдан 3 жылга кыскартууну колдойбуз.
  • Биз экономикалык кылмыш жасагандар үчүн келтирилген зыяндан ашык жаза айып салып, бирок аларды эркинен ажыратпоону колдойбуз.
  • Биз экономиканы технологиялык жактан модернизациялоону колдойбуз. Өзүбүздүн муктаждык үчүн технологиялык жабдууларды ташып келүүчүлөр салыктардан бошотулушу керек. Технологиялык модернизациялоо учурунда ишин токтотууга аргасыз болгон ишканалар корпоративдик салыктардан бошотулушу зарыл.

 

Инновациялык ЫНТЫМАК

  • Биз “Ынтымактын” эң акыркы технологиялар жаатындагы долбоолорун сунуштайбыз, аларды ишке ашыруу Кыргызстанды Борбор Азиядагы инновациялык хабка айландырмакчы.
  • Биз санариптик сомдун жана санариптик алтындын тез арада киргизилишин колдойбуз. Жаңы финансылык жана банк технологияларын киргизүүнү колдойбуз.
  • Биз криптобиржаларды жана крипто алмаштыруучуларды мыйзамдаштырууну колдойбуз.
  • Биз мамлекеттик кызматтардын бардык тармактарын санариптештирүүнү колдойбуз. Ар кандай мамлекеттик документти бир басуу менен алса болот!

 «Жашыл» ЫНТЫМАК

  • Биз өлкөнүн энергетика тармагын жаңылоону кубаттайбыз! Биз өлкө боюнча кичи ГЭСтерди өнүктүрүүнү колдойбуз. Шамал жана күн парктарын курууну колдойбуз! Биз «жашыл энергетиканы» өнүктүрүүнү колдойбуз!
  • Биз күн батареяларын колдонгон ишканаларга салыктан жеңилдик берилиши керек деп эсептейбиз.
  • Биз мал чарбасындагы өстүрө турган стимуляторлорго тыюу салууну жана синтетикалык антибиотиктерди колдонууну катаал жөнгө салууну колдойбуз.
  • Биз «жашыл бизнеске» салыктан жеңилдик берилүүсүн колдойбуз.
  • Биз Бишкек менен Оштун коомдук транспортун экологиялык таза күйүүчү майга өткөрүүнү колдойбуз.
  • Биз экологиялык таза транспортту колдонгон жеке ишканаларга салык жеңилдиктерин берүүнү колдойбуз.
  • Биз ички темир жол транспортун электрлештирүүнү колдойбуз. Кара-Балта —Балыкчы багытында электричкаларды тез арада ишке киргизүү жана аталган темир жол бутагын Караколго (чыгышта) чейин узартып, батыштагы казакстандык линияларга кошуу зарыл деп эсептейбиз.
  • Биз кирешеси төмөн жарандарга азык-түлүк банктарын түзүүнү колдойбуз.

Руханий ЫНТЫМАК

  • Биз эски маданият үйлөрүндө жана китепканаларда бош убакытты өткөрүүчү жайларды, заманбап маданий аянтчаларды түзүүнү колдойбуз.
  • Биз бирдиктүү маалыматтык системасы бар, баарына онлайн түрүндө жеткиликтүү маданий артефакттардын бирдиктүү электрондук фондун түзүүнү колдойбуз.
  • Биз кыргыздардын ай календарын жана Орхон-Энесай жазууларын (эски кыргыз жазмасын) ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүүнү колдойбуз.
  • Биз Бишкекте Алтай цивилизациясын жана паналтаизм идеяларын изилдөө Борборун жана Институтун түзүүнү колдойбуз.

 

Билимдүү ЫНТЫМАК

  • Биз билим берүү тармагында мугалимдик кесиптин жана окутуучулук, илимий ишмердүүлүктүн кадыр-баркын калыбына келтирүүнү, билим берүүнү башкаруунун жаңы формаларын киргизүүнү жана билим сапатын көтөрүүнү, өз алдынчалуулукту, адаттан тыш ишкердик багытта ой жүгүртүүнү калыптандырууну көздөгөн “Ынтымак” долбоорун ишке ашырууну сунуштайбыз.
  • Биз аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү максаттуу колдогон мамлекеттик-жеке фондду уюштурууну колдойбуз. Фонддун милдети — ата-энесинде акча тартыш балдарга спорт, музыка, сүрөт тартуу, ж.б. менен алектенүүгө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо болушу керек.
  • Биз ишкерлерди тартуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу аркылуу жаңы мектептерди куруууну, кыйроо абалындагыларын ондоону колдойбуз.
  • Биз мугалимдерге айлык чегерүүдө бирдиктүү тарифтик сетканы кайтарууну жана алардынайлык маянасын көтөрүүнү колдойбуз. Мугалимдер татыктуу айлык алууга тийиш!
  • Биз ЖОЖдордун рейтингинин улуттук системасын түзүүнү колдойбуз.

 

Дени сак ЫНТЫМАК

  • Биз мамлекеттик ооруканаларды модернизациялоодо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонууну колдойбуз! Грузиянын тажрийбасы рыноктук жөнгө салуучу шаймандары колоно баштагандан эки жылдан кийин эле өлкөдө ондогон көп тармактуу ооруканаларды курууга болоорун көрсөттү.
  • Биз медициналык ваучерлердин системасын киргизүүнү колдойбуз! Жарандар мамлекеттик же жеке клиникада дарыланууну өздөрү чечүүгө тийиш.
  • Биз дары-дармек рыногун катуу көзөмөлдөө жана дарыгердин рецеби менен гана сатылуучу дары-дармектердин тизмесин кеңейтүүнү колдойбуз.
  • Биз дары-дармектерди жарнамалоого тыюу салууну колдойбуз.
  • Биз дарыгерлердин, медайымдардын жана кенже медициналык персоналдын айлыгын кыйла жогорулатууну колдойбуз. Улуттун саламаттыгынан акча үнөмдөөгө болбойт!

 

ЫНТЫМАК! Аткарабыз!

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!