Аида Касымалиева: «Чаткалдагы алтынды чалгындоо үчүн 5 компанияга лицензиялар коррупция жолу менен берилген»

Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы кен байлыктарын чалгындоо иштерин жүргүзүү укугун берүүдө коррупциялык көрүнүштөрдүн изи табылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү 28-февралдагы жыйынында депутат Аида Касымалиева айтып чыкты.

Өз сөзүндө ал «алтын кендерди чалгындоо иштерин өткөрүлгөн Аукциондордогу коррупциялык схемалар туурасында менин колума документтер келип түштү. Анда ар кандай, афералык жолдор менен Кен байлыктарды изилдөө иштери болбогон акчага сатылгандыгы жазылган»,- дейт.

Алардан айрымдарына мисал келтирген Аида айым: «2017-жылы 10-апрелде  болжолдуу 20 тонна 41 кг алтын запасы бар “Турпак түштү” кенине аукцион өткөрүлүп, “Асман Таш” компаниясы 200 миң долларга утуп алган. Ошол эле жылдын 3-мартында болжолдуу 10 тонна уюма алтын запасы бар “Чаар Таш” кенине өткөн аукциондон болгону 71 миң долларга, “Алтын Джон” компаниясы уткан. Уюма алтын кендер дүйнөлүк практикада өтө кымбат бааланары белгилүү. А бизде болсо, 10 тонна запасы бар делген жерди, Бишкектеги эки бөлмөлүү батирдин наркына баалашкан. Керек болсо азыркы учурда Бишкектен 4 сотых жери менен эки кабаттуу үйдү да 71 миң долларга беришпейт» деп белгиледи.

Салыштыруу үчүн айта турган болсок, ошол эле Чаткал районундагы болгону 500 кг алтын запасы бар “Коргон Төбө” кенин 2013-жылы 12-ноябрда 513 миң АКШ Долларына “Чаткал-Голд” компаниясына аукциондон беришкен. Бул жерде көрүнүп эле турат, Аукцион өткөргөндөр 2013-жылы эч кандай коррупциялык схемаларды өздөштүрө элек, ачык-айкын өткөрүшкөнү көрүнүп турат. Эң негизгиси, жергиликтүү тургундардын, карапайым элдин эч кандай маалыматы жок, жабык эшик артында аукцион өткөрүшкөндүктөн бүгүн эми эл нааразы болуп жатышат. Жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү, көзөмөл органдары бардыгы бир болуп алышып, каалаганын калчап жатышат. Ошондуктан бул маселени кароодо сиздер жергиликтүү органдарда калтырып койбой, атайын ведомстволор аралык комиссия түзүп тыкыр изилдеп чыгышыңыздар керек. Президент тарабынан да бул кезге чейин айтылган сындын жөнү бар.

Жалпы айтуулары: 46 дөн 4

2019 жылдын айтуулары: 4
   2019 бирдин айы: 1
   2019 жалган куран: 2
   2019 чын куран: 1
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!